super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте футбол боюнча “Coca-Cola Булгаары Топ” аталышындагы мелдеш болду

 

15-16-июнь күндөрү Бишкектеги “Спартак” стадионунда футбол боюнча Бишкектин мектеп окуучулары арасында республикалык мелдеш болду. “Coca-Cola Булгаары Топ” деп аталган мелдеш Футбол федерациясы жана Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда “Coca-Cola” компаниясы тарабынан уюштурулду. Жарыштын максаты - жашоонун сергек мүнөзүн жайылтып, кыргыз футболунун өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков аталган мелдештин маанилүүлүгүн белгилеп, мындай жарыш мектеп окуучуларынын көптөгөн маселелерин чечерин айтты. “Мектептеги негизги маселелер бир гана билим берүүдө эмес, тарбия берүү багытында да болору баарына белгилүү. Мектептен сырткаркы машыгуулар менен катар спорттук машыгуулар да балдарды тартиптүү болууга үйрөтөт”,- дейт ал. Оюнда 3 категорияда 14-15 жаштагы (жогорку категория), 12-13 жаштагы (орто категория) жана 10-11 жаштагы (кенже категория) окуучулар атаандашты. Мелдештин соңунда жогорку категория боюнча №68-орто мектеп, орто категория боюнча №78-орто мектеп жана кенже категория боюнча №84-орто мектептер алдынкы орундарга татып, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: