super.kg logo

Депутат мамлекеттик тил боюнча мыйзам бузган жарандарга айып салууну сунуштоодо

 

Мамлекеттик тил мыйзамдарын бузган жарандарга жана юридикалык жактарга айып пул салуу сунушталды. Мындай сунушту бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда депутат Эмил Токтошев билдирди.

Эл өкүлүнүн сунушу боюнча, мыйзам бузган жарандарга сотко чейин эле жергиликтүү бийлик органдары айып сала башташы керек.

"Өлкөдөгү бардык маалыматтар, жарнамалар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилде жазылат деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок мыйзамдагы бул эрежелер дайым сакталбай келүүдө. Мамлекеттик тилди пайдаланууда бардык алфавит жана орфографиялык эрежелер сакталат дегенине карабастан өлкөдөгү мекмелердин аталыштары, жарнама жана башкалар чар жайыт жазылып келүүдө. Аларды мыйзам талаасына алып келүү үчүн жергиликтүү органдарга укук берүү керек. Ошондуктан тил жөнүндөгү мыйзамдарды бузган жарандарга жана юридикалык жактарга айып салуу сунушталат. Ага ылайык, айып салуу укугун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына беребиз”, - деди Токтошев.

Жогорку Кенешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
02.04.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эң туура нерсе кыргыз тилин билбегендерди өкмөттөн кетирип керек жана айып акча салыш керек чоң суммадагы
02.04.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура
02.04.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз тилин Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жаран билууго милдеттуу
02.04.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто озбектер жашаган көчөлөрдө көптөгөн жарнамалар өзбек тилинде жазылуу алардыда алмаштыруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек
02.04.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исфанада деле магазиндин ичинде узбекче жазып койгон даже мектепте узбекче жазылып турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: