super.kg logo

Осмонбек Артыкбаев депутаттарга: "ЖЭБ боюнча күмөн саноо болсо, ТВЕА компаниясына өзүңөр кайрылгыла"

 

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодо өкмөттүн тандоосу менен кытайлык ТВЕА компаниясы ишти арзан бүтүрүүчү эң ыңгайлуу компания деп табылган. Мындай пикирин ТВЕА менен келишим түзүлүп жаткан кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн, 2-апрелде ЖЭБ боюнча өтүп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

"ЖЭБди жаңылоодо "Электр станциялары" ишканасы 3-4 компаниянын ичинен баасы төмөн, иштешүүгө ыңгайлуу деп ТВЕА компаниясын тандап алган. Дүйнөлүк стандартка салыштырып карап көргөндө, башка компаниялар курган жылуулук борборлорунда 1 киловатт электр энергиясынын баасы 1200-2000 доллардан бааланса, ТВЕАнын сунушунда 1 киловатт 1287 долларга бааланган.

Бул келишим Кыргыз өлкөсү үчүн эң пайдалуу келишим, Кытай өлкөсү бизге жеңилдетилген кредит берди. ТВЕА эл аралык деңгээлдеги компания, эгер кандайдыр бир күмөн санооңор болсо, компанияга кайрылгыла", - деп кайрылды депутаттарга Артыкбаев.

Эске салсак, быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
02.04.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул миллионер кытайдан ХХХХХ ХХХХХХХ Озунун гана кызыкчылыгын ойлогон Адам экен.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-02 16:53:25
02.04.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Артык кылам деп тыртык кылдынбы Кыргыз элине. Дагы уялбай Кытайдан сурагыла деп койот сени кудай жазаласын.
02.04.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Титиреп коркуп отурбай нары же бери кылгылачы,апарып тыккылачы нары катыштыгы барлардын баарын,ар шылтоону угуп отура бербей.
02.04.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул Артыкбаевди камап, жегенин "кустургула"!!! Коррупциялык келишимди тузгон, ири коррупциялык аферанын уюштуруучуларынын башкы фигуранттарынын бири бул Артыкбаев...
02.04.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири бирине шылтап койуп кутулуп кетишет ко баары мындай журушто
02.04.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эски жетекчилер кетмейинче жанылар эскирип кете турган болушту.
02.04.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Догурунуп койгонун кайра.
02.04.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келишимди Артыкбаев тузсо керек, ТВЕАдан башка арзан бутуобуз дегендер болгон экен, мамлекетке ашыкча зыяны учун камаш керек бул акмакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: