super.kg logo

Кочкордогу окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан мектептин курулуш каражаттары дагы бир ирет текшерүүдөн өтөт

 

Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигинен Кочкор районуна караштуу Туз айылдык орто мектебинин курулуш каражаттарын кайрадан текшерүүдөн өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

"Буга чейин Туз айылдык орто мектеби эки жолу текшерилген, бирок эки башка жыйынтык чыккан. Мындан улам биздин министрлик Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, аталган мектептин курулуш каражаттарын дагы бир ирет текшерип, так жыйынтык чыгарып берүүнү өтүндү. Азыркы учурда министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев райондун акими Нурлан Керимкулов менен бирге Туз айылындагы орто мектептин жамааты жана окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - дейт басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, буга чейин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков SUPER.KG порталына Туз айылдык мектебинде окуучулардын баш оорусу көбөйүп, айрымдары эсин жоготуп жыгылып жаткандыгын билдирген. Мындан улам мектептин курулуш каражаттары экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында каражаттардын адамдын ден соолугуна зыяны жоктугу айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.04.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочкордогу мектептин окуучулары эс-учун жоготуп жаткандыктан,мектептин курулуш-материалдары дагы бир ирет текшеруудон отот....деп койбоптур.
ekaterinburg түзөттү 2018-04-02 16:46:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: