super.kg logo

Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат

 

Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, текшерүүдөн кийин коомдук тамактануучу жайдын абалын билдирген ар кандай түстөгү стикер мекемеге берилет

"1-апрелден баштап Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл облусундагы коомдук тамактануучу жайлардын абалы текшерүүгө алынат. Мыйзамдын негизинде жылына бир жолу пландык текшерүү өткөрүлүп келсе, бул ирет жаңылык киргизилет. Абалын текшерген соң, тургундарды тааныштыруу максатында ар кандай түстөгү стикер жармаштырылат. Мындай ыкма менен текшерүү алгачкы жолу жүргүзүлүп жатат. 2019-жылдан тарта башка аймактардагы коомдук тамактануучу жайларга да текшерүү пландалууда", - дейт адис.

Айта кетсек, адистер коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдө төмөнкү бөлүмдөргө көңүл бурарын билдиришти.

"Негизинен имараттын коопсуздугу, кафе же бардын иштөөгө уруксат кагаздары, мөмө-жемишти жана этти даярдоо шарттары, даярдалган тамактын сапаты жана кызматкерлердин ден соолугу тууралуу тактамасы текшерилет", - деп кошумчалады Буюклянов.

"Жашыл түстөгү стикер - бардык нормативдик талаптарга жооп берет. Ал эми сары түстөгү стикер - жарым жартылай талаптарга жооп берет жана кызыл түстөгү стикер - эч бир талаптарга жооп бербейт", - дейт жетекчи.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча миңге жакын коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынат. Ал эми жаңы ачылган мекемелерге 3 жылга чейин текшерүү жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
02.04.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура.Эмне кылып жазап жатышкандарын биз кайдан билмек элек.
02.04.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип текшериш учун соз жок 150 дон ашык киши ууланыш керек беле. Керек болсо 3 айда бир текшериш керек. Ош базардагы жайнаган манты саткандар кайра эле чыгып атат, аларды тыйган эч ким жок
nargiz94 түзөттү 2018-04-02 17:51:15
03.04.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош базарындагы Кыял базарынын ичиндеги Мурат деген ашкананы текшергилечи суранам.мен балдарым менен манты жееп атсам ичинен таракан чыкты бутун таракан экен коруп алып журогум айланды.ордумдан туруп барып корсотсом унчуккан жок.акчамды сурасам шаг эле беришти.бирок мен жон кеткен жокмун залда тамактанып отурган элдерге угуза айтсам чыгып кетиниз милиция чакыртам дейт.мен администрациянды чакыр десем админ чыкпай койду.кайра сурадым таракан бар мантыны бер десем бербей коюшту суротко тартам десем
03.04.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikra, Саламатсызбы? Кайсы бир көйгөйлөрдү байкап калсаңыз сүрөт же видеого тартып 0557 47 39 39 номерине WhatsApp аркылуу жиберсеңиз болот.
03.04.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол Мурат ашканасынан тамактанбагыла.мен туура эмес кылдымда суротко видеого тартып туруп анан алып барып берсем болмок экен.коркуп журогум айланып кеткенинен тарелкасы менен алып барып берип салыпмын.шаг эле жок кылышты кайра сурасам бербей койушту катып алыштыбы билбейм.Супер инфо ушул жонундо кандай чара колдоно аласыздар жооп кутом.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: