super.kg logo

Шаар тургуну: "Элди бекер жеткирип жатсам, маршруттук каттамдардын айдоочулары кысым көрсөтүп жатышат"

 

Элди бекер жеткирип жатсам, маршруттук катамдардын айдоочулары кысым көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаар тургуну Бактияр Сатыбеков билдирди.

"Таң эрте иним сабакка кеткен, кайра үйгө келип, көчөдө маршруттук каттамдар жок экенин айтып келди. Аны окуусуна жеткирип баратып, аялдамада турган адамдарды ала кеттим. Өзүм жеке ишкермин, ишке байланыштуу товар ташыган маршруткам бар", - дейт Сатыбеков.

Шаар тургунунун айтымында, ал бүгүн кечке чейин маршруттук каттамдар жок калган шаар тургундарын ташый тургандыгын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Бүгүн кечке чейин шаар тургундарын ташыйын деп жатам. Маршруттук каттамдардын айдоочулары эмне себептен жумуш таштаганы тууралуу так маалыматым жок. Бирок бул көрүнүш шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы көрүнүп турат".

Ошондой эле Сатыбеков анын элди ташып жаткандыгын көргөн маршруттук каттамдардын айдоочулары ага кысым көрсөткөнүн айтып өттү.

"Өзүн маршруттук каттамдардын айдоочулары деп тааныштырган белгисиз адамдар мени ишти токтотуумду талап кылышты. Бирок мен аларга мен шаар тургуну экенимди айтып, өзүмдүн каалоом менен элди бекер ташып жатканымды билдирдим. Анын үстүнө маршруттук унаамдын ичиндеги шаар тургундары менин таламымды талашып, ишке тоскоол болбоосун айтып нааразычылыктарын билдиришти", - дейт Сатыбеков.

Эске салсак, бүгүн маршруттук таксилердин айдоочулары наарызычылыгын билдирип иш ташташты. Алар укуктары корголбогондугун, көп тараптан кысымдар болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми шаар тургундары күтүүсүз жаралган бул кырдаалга нааразы болушууда.






Шаар тургундарын бекер ташыган жаран

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
02.04.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бишкекте маршруткаларды жоюп салгыла автобус, троллейбустарды иштетип...

02.04.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булардын пейили чындап бузулуптур
02.04.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Все бугундон баштап жумушка тралик менен эле барайынчы.Итак эле бусиктердин бир дагы сылык айдоочусун корбодум!!!
02.04.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
рахмат бекер ташыса
02.04.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллах ыраазы болсун сизге
03.04.2018. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маршрут айдагандар Эми чыкпай эле койгулачы !
Буларга олчойтуп салык салгыла
Кунуно 3000-4000 минге чейин табышат
Ыраазы болбой жатышканын гендер
Мен бугун сабака кечиктим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: