super.kg logo

Депутат Калиевди "600 долларлык кычкач, 14 миң 500 долларлык камералар боюнча туура эмес маалымат берип жатат" деди

 

Бүгүн, 2-апрелде ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны болду. Анда депутат Акылбек Жамангулов Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевдин "ар бир камера 300 долларга алынган" деген маалыматын төгүндөп, "600 долларлык кычкач, 14 миң 500 долларлык камералар боюнча туура эмес маалымат берип жатат" деп сындады.

"Бул эми шоу, уят болушу керек да! Депутаттар маселени көтөрдү. Эки жумадан кийин аны төгүндөгөндүн кимге кереги бар? Эмне үчүн убагында комиссияда жооп бере алган жоксуңар? Мен айткым келет, өткөн жылы алынган кычкачтар эмне үчүн пайдаланылбай турат? Азыр "өздөрү эле кечээ комиссияга көргөзүү үчүн барып, базардан эки чемодан кычкач алып келип коюшкан", деген сөздөр болуп жатат. Биз айтпайлы десек, өздөрү ушинтип айтканга мажбурлап жатат.

Видеокамералар 128 эмес, ал жерде 123 даана камера коюлган. Мен өзүм барып кайсы камера кайсы жерге коюлганын көрүп, документтерин алып келдим. Ошондо алар "түнү менен камера коюп чыктык" дешти. Мониторго көрсөтүп бергиле десем, "алар байланышка кошула элек" дешкен. Анын болгону 8 камерасы атайын даярдалган камералар, калганы жөн эле камера. Эми ушунча сөздөн кийин коомчулукка маалыматты бурмалоо туура эмес деп эсептейм", - деди Жамангулов.

Белгилей кетсек, бүгүн ушул эле жыйында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБдеги "14 миң 500 долларга алынган" делген камералар 300 доллардан алынганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
02.04.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
600$дан кычкач алып 360 миллион доллар корупция болуп жатса аны байкап турган Соке Жоке м.н Аша Лох эле экен да. Соке Жоке м.н Ашаны ХХХХХ кылып эл душманы тайрандап журот. Трибунада эмес турмодо олтурушун к.к болчу. Тиги экоону алдасан болчуудай бирок Кыргыз элин алдай албайсын.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-04-03 08:36:37
02.04.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aza17,экоо унчукпаганда иш барда шайлоого иштетсе керекда.
02.04.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuraz, балык башынан сасыйт калп эле корупция м.н курошом деп койсо аларга ишенген эл манкур. Элдин пейили онолмойунча Кыргыз онолбойт.
Aza17 түзөттү 2018-04-02 19:12:12
02.04.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай болгон кундо да 386 миллион доллар да сом эмес.Бул деген ото чон суммадагы акча.Казакстан Тажикстан андан аз акчага жанысын салышты деп жатпайбы интернеттен да карасанар.Ушунча акчаны жеп алган чон курсактар тойбойт экен да.Комиссиянын арасында Масалиев депутат агабыз бар.Бир аз умут жанат ошол депутаттан жегендерин чукуп таап чыгат деп умуттоном
02.04.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууру тойгончо деп , олгончо карганат.
02.04.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын түбүнө көчмөн болгону жетет окшойт, баары утурумдук , келечекте эмне болот деп ойлонгон адам жок , баары талап ,тоноп жатышат эртеңки күндү ойлобой.
02.04.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Акылбек Жамангулова эң туура маселени козгоп жатат. Баарын билет экен. Ушунун жазба...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: