super.kg logo

Мэрия: "Кара-Балтада маршруттук таксилердин айдоочуларына коркутуу болгон, бирок алар иш таштаган жок"

 

Кара-Балта шаарынын маршруттук каттамдарынын айдоочуларына коркутуу болгон, алар жумуш таштаган жок. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Кара-Балта шаарындагы маршруттук каттамдардын айдоочулары жумуш таштаган жок. Кара-Балта шаарынын патрулдук авто базасынын жетекчиси Алексей Бажанга өзүн Бишкек шаарындагы маршруттук каттамдардын айдоочулары деп тааныштырган адамдар чалып "Эртең биз жумуш таштап, нааразычылык акциясына чыгабыз. Силер дагы жумуш таштап бизди колдоп бергиле болбосо каттамга чыккан унааларды талкалайбыз" деп билдиришиптир", - дейт басма сөз кызматы.

Азыркы тапта Кара-Балта шаарынын маршруттук каттамдарынын айдоочулары автобазада абалдын жөнгө салынышын күтүп жаткандыгын жана алардын эч кандай нааразычылыктары жок экендигин басма сөз кызматы кошумчалады.

"Жаралган кырдаалдан улам жана жетекчиге түшкөн коркутууларды эске алып Кара-Балта шаардык мэриясы айдоочуларды жумушка чыкканга мажбурлаган жок. Биз алардын коопсуздугун да ойлоп жатабыз", - деп басма сөз кызматы белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.04.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коркутуу болсо ИИМ менен УКМК каякты карап журот?!! Ошол "кыйындарды" кармап сазайын беришпейби?!!
02.04.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калп айтыптыр басма соз кызматы,апам бугун кечкеле такси мн журду Карабалтада,бош такси жок базардан бери жоо келдим деди
02.04.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Luna15,Кара балтада эрте менен каттам болуп атты. Түштөн кийин токтоп калыптыр садике жеталбай бир топ кыйналдык.
03.04.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luna15,оа калп, бирда маршрутка жок, менин куйоомда маршрутка таппай уйго келди.
02.04.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким коркуткан болсо иликтеп жоопко тартуу керек, баарын угуттоп алардын айтканы мн болтургандай алар ким экен?! кааласа иштебей кете беришсин, иштегендер иштей берет, коркутуп атса иим, укмк, эмне кылып атышат, коркуткандарды кармап жоопко тартышпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: