super.kg logo

Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочусу чыгашаларын эсептеп берди

 

Кечээ, 2-апрелде иш таштаган маршруттук таксинин айдоочулары бийликке бир нече талаптарды койгон. Алар акыркы кездерде негизсиз чыгымга алып келген учурлар, кысымдар көп болуп жатканын айтышкан. SUPER.KG порталы маршруттук таксинин айдоочусунун чыгымдарын сурап билди.

Маршруттук такси айдаган айдоочунун чыгымдары өзүнүн айтуусу боюнча жазылды:

1. Унаанын ижара акысы - айына 24 миң сом (күнүнө 1000 сомдон, 24 күн иштейт);

2. Лицензия 1 жылга 700 сом - айына 58 сом ( 700:12=58);

3. Санэпидемстанция - айына 50 сомдон 100 сомго чейин;

4. Мэрия департаменти, патентке - айына 1500 сом;

5. Күнүнө медициналык кароодон өтүү - айына 900 сом (күнүнө 30 сом);

Күнүнө коротулуусу мүмкүн болгон чыгымдар:

1. Жол эрежесин бузуп кармалса - 200 сомдон 2000 сомго чейин айып (Эгер унаа айып аянтчасына алынып кетсе, 3 000 сомдон кем эмес акчага чыгарылат);

Эми:

1. Камсыздандыруу полиси үчүн: Ар бир отургуч жылына – 136 сом. 15 отургуч болсо жылына – 2040 сомду түзөт.

2. Форма – 750 сом. Сунушталган форманы жылына бир нече жолу алмаштырып турууга туура келет.

Ал эми унаанын бузулган тетиктерин ижарага берген адам менен ортодон бөлүшүп алып оңдошот. Өзүнүн унаасын айдагандар айына ижара төлөшпөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
03.04.2018. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эми айына кирешеси канча сом болот орто эсеп менен ошону дагы эсептеп берип койбойбу??
03.04.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындык айына 24000 сом аренда. Бирок дагы бир чындыгы бар - ошол арендага алганың жакшы болуп атпайбы башың оорубайт мелоч болсо өзүң оңдойсуң, мотор, коробка, чоңураак жагы кетсе хозяин. Такчто ыйлаба азыр башы иштегендер арендага алып эле жакшы айдап жакшы карап калыптыр. Өзүнүкүндөй көрүп эле майлап сүттөп.
03.04.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
7000-8000$га спринтер айдагандан көрө башка бизнеске салганың жакшыго. 164 айдаган кошунам өзүнүкүн сатып аренда айдап жүрөт жыргап калдым деп атат. Канча табаарын да билем жок дегенде 2000 табат расходтон тышкары. Эгер толук иштесе 3500 чистый табат, жалкоосу кармап саат 4 -5те эле келип алат үйүнө. Кечээ жини келип атты нормальный эле болчу деп. Эртең эмне болсо да чыгам деп аткан азыр машинасы көрүнбөйт кеткен окшойт жумушка
Kojo1995 түзөттү 2018-04-03 10:23:42
03.04.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kojo1995,
03.04.2018. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул жерде ашыкча чыгымдар деле корунбойт. Жонокой таксилер патент толоп жатат, маршруттук таксилер 1500 сом тологонуно суйунушу керек...

Санэпидемстанция менен мед.кароо - булар коррупция. Биринчиден айдоочулар оздору текшерилуудон качып акчасын берип коюшат. Тиги текшеруучулор да текшербей эле акчасын чогултуп кетишет. Ушул боюнча мэрия чара коруп, бул жердеги коррупцияны жою керек, ар бир маршрутка жумасына бир кароодон отушу керек...
03.04.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ал эми форманын кереги жок, форманы жоюп салгыла... Анан ижара, бузулса ортодон ондойбуз палан-тукун деген нерсе силердин жеке маселенер. Колундан келсе озун алып мин, расходуна чыдабасан минбе!!!

Жолдо акшындабай, жургунчу талашып жарышпай жол эрежесин сактап журсон ГАИшниктер да жон жерден айып сала бербейт. Озун жол эрежесин бузуп протокол толтурулса, ал силердин жеке проблеманар, урматтуу айдоочулар... Кичине серезный болгулачы, жаш балага окшобой...
03.04.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жон эле шылтоо. Маршрутка айдаган таанышымдан сурасам айтат жолкире акысын 15 сомго которобуз деп ушундай кылып жатабыз деп.
03.04.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Техникалык кароо жазылган эмес го
03.04.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oscar, азыр эч ким тех.кароодон отпой калган. Лично менин маалыматым жок.
03.04.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер жаны санын чыгаргыла. 9дан отуп кеттиии.
03.04.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
э ХХХХХХ эреже бузганын кошуп койгонун. Личний акча бергилери келбесе эреже бузбай айдашсында. Жэ аларды бироо эреже буздуруп жатыптырбы?!! Бири бири менен куушуп журушпойбу, даже бир линиядагылар. Наоборот именно ушул элди ташыган автобус бусиктердин эреже бузган штрафын кобойтсун!
Модератор admin_portal түзөттү 2018-04-03 09:21:32
03.04.2018. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акатай де,бу маршрутниктер кайдан чыккан немелер?тим эле догурунушат го чыгашаларын айтып.Киреше прибылыңарды ким айтат,өлбөдү дегенде таппаганың күнүнө 1500 сом табасың.Алдың 3500,4000сомго ашыгыраак табасың.Ишиңер жакбай кыйынчылыктар болсо иштебей койгула силерди ким заставить этет эле.Бул кылыгыңар өзүңөргө башыңарга муш болду,көрөсүңөр жакында автобус келет шаарга кирер жериңерди таппай калбагыла.Жалдырап иштейсиңер ошондо элди бекер ташыйбыз деп.Силер маршрутниктер көөпсүңөр элди тоготбой
03.04.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbekasr,+++++++++++++
03.04.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тапкан киреше-чыгымдар=?????? Эсептеп койсоңор мындан да сонун болмок
03.04.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тапкан Кирешен кана коротконундуле колко кылабересинби
03.04.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мэрия ушу маршруткаларды бир жолу чыгарбай койгула. Только автобустарды чыгарып койгула и всё. Таарынсан калтана зыян.чыгымына чыдасан иште.айына 40минден аз таппайсынар.
03.04.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул силерге кантип лицензия берет билбейм. Айдаганыңарды көрүп лицензияаңар жок го деп ойлогом. Көрсө берет экен да.
03.04.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекер эле кылдынар иш таштап урматтуу маршрутниктер, артык кылам деп тыртык кылып алыпсыздар . Эми 15 эмес 7-8сомго тушот жол кире
03.04.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул киши толук жазбаптыр
Путевка дегени бар 3000-5000сом ар маршрутта ар турдуу. Ага расписание жазган кагаз берилет бул куну чыгасын бул куну чыкпайсын деген. Биринчи жумушка орношкон ар бир спринтер 300$ толойт д.б.у.с. толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: