АКШда сыра уурдаган бала сатуучунун аткан огунан каза болду
АКШнын Теннесси штатындагы соода түйүндүн сатуучусу жаш өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү деп айыпталды. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, аталган аймактагы соода жайга кара терилүү 17 жаштагы Дориан Харрис келип, сыра алган. Бирок акчасын төлөбөй чыгып кеткен. Артынан 28 жаштагы Анвар Газали аттуу сатуучу чыгып аны токтотууга аракет кылып ок чыгарган. Бирок ок балага тийгенин байкабай, иш ордуна кайтып келген.
Маркумдун жансыз денесин жергиликтүү тургун 2 күндөн кийин байкап, полиция кызматкерлерине кабарлаган. Ыкчам териштирүү иштеринен кийин сатуучу Анвар Газали күнөөлүү деп табылып, камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Lilireinhart18

03.04.2018. 11:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки кунго чейин жата бериптир имишпи жолдо, атса уну деле угулат го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.