super.kg logo

Уялчаак жаштарды коомго аралаштыруу үчүн "Достук кербени" өттү

 

Чүй облусунда “Достук кербени” аталышындагы массалык маданий иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара "ЖашСтан" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "ЖашСтан" долбоорунун катышуучусу билдирди.

Анын айтымында, долбоордун максаты - өлкө аймагындагы уялчаак жана мүнөзү оор жаштардын коомдо туура калыптануусуна жардам көрсөтүү болуп саналат.

"ЖашСтан" долбоору 2017-жылдын октябрь айынан тарта устат-шакирт усулунун алкагында ишке ашырылууда. Ага өлкөнүн алыскы аймактарындагы 27 айылдан 160 улан-кыздар тандалып алып, иш алып барууда. Уялчаак, элге көп аралашпаган жана катаал шарттагы үй-бүлөлөрдүн балдар-кыздары коомдо туура калыптануусуна адистер тиешелүү ыкмалар менен жардам көрсөтүүдө", - дейт катышуучу.

Айта кетсек, долбоордо жаштарга жол көрсөтүүчү катары эл аралык футбол судьясы Бахадыр Кочкаров, ишкер Улан Үсөйүн, Искендер Суванкулов, БУУнун Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Нуршат Абубакиров, депутаттар Аида Касымалиева, Жанар Акаев жана сүрөтчү Кубаныч Молдокулов катышууда.

Ошондой эле “Достук кербени” "жашстанчылардын" өз демилгелери менен уюштурулду. Ал Ош, Жалал-Абад жана Чүй, Ысык-Көл облустарында өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: