super.kg logo

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупцияга шектелип кармалды

 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Интеррустрейд" жана "Полларис" ишканаларынын пайдасына мамлекеттик бюджеттен кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча коррупцияга айыпталып 2-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери башталды", - дешти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык жана бажы кызматында тинтүүлөрдү жүргүзгөн. Тактап айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алгандыгы тууралуу жалган документтерди жасап, салык органдарына берип турушкан.

Факты түрүндө кошумча нарк салыктары төлөндү делген товарлар ири соода комплекстердеги ишкерлерге тиешелүү болгон жана алар өздөрүнүн товарларын алып келүүдө бажы жана салык төлөмдөрүн толук түрдө төлөп келишкен. Коррупциялык схеманын негизинде ал юридикалык фирмалар 2016-жылдан 2018-жылдын башына чейин мамлекеттен 217 миллион сом каражатты мыйзамсыз кайтарып алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.04.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маршрутниктерди сорбой, ушуга окшогон прпкорлорду соруш керек. Раим Миллонду эмнеге сукка албай жатканы тан калдырып жатат да.
03.04.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tular,ол алёшанын көзү тирүү кезинде суракка алынбаса керек.
Ermekbai түзөттү 2018-04-03 11:39:11
03.04.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир айдоочудан налог деп машина андышат, налог толосон миндеген адамдардын налогун ушуга окшогондор жеп кетет, анан кантип мамлекетибиз мамлекет болот?
03.04.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми актап ийбей жегендерин ашыгы мн толотуш керек, мамлекетке ири олчомдо зыян келтиргени учун, жанагы Раим миллион дегенди да жоопко тартып толотсо болмок, бирок Жээнбеков бийликте турганда ал жоопко тартылбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: