super.kg logo

Адис: "Өлкөгө контрабандалык жол менен алынып келген дары-дармектер боюнча чара көрүлбөй жатат"

 

Кыргыз жергесине төмөн сапаттагы жана контрабандалык жол менен алынып келинген дары каражаттары аныкталса да укук коргоо органдары чара колдонбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Дарылар менен камсыздоодо айкындуулук үчүн бейөкмөт бирикмесинин өкүлү Бурул Макенбаева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагына киргизилип жаткан контрабандалык дарылар менен күрөш 2009-жылы башталган.

"2009-жылы рак илдети менен ооруган жаш балдарга дары-дармек алуу үчүн тендер жарыяланган. Анда "Адрим" деген белгисиз препарат тендерде сунушталган. Онколог дарыгерлер комиссия түзүп, белгисиз дарыны артка кайтарышкан. Тендерге катталган ишкананын заводунда чач жуучу каражат чыгарылганы аныкталган. Жетиштүү далилдер болсо да тийиштүү жетекчилер эч кандай чара көргөн эмес", - дейт өкүл.

Ошондой эле бирикменин өкүлүнүн айтымында, бөйрөк илдети менен жабыр тарткан жарандар "Репретин" препаратына арыз менен кайрылышкан.

"Арыздын негизинде ЖКнын депутаттарынан атайын комиссия түзүлгөн. Каттоо досьесинде аталган каражаттын клиникалык изилдөөсү тууралуу маалымат жөн гана интернеттен көчүрүлүп алынганы аныкталган. Ал эми дарыны алып келген фирма өзүн британиялык каражат деп тааныштырган. Улуу Британиянын "Гардиан" гезити журналисттик иликтөө жасап, катталган фирманын ишканасы болгону бир бөлмөлүү батир экенин аныктап чыккан. Бул чуулгандуу фактыларга да жетекчилер көңүл бурган эмес", - деп кошумчалады.

Айта кетсек, 2017-жылы алгачкы жолу Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен сапаты төмөн жана контрабандалык жол менен алынып келинген дарылардан калкты коргоо максатында мыйзам кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция кучтуу бул жерде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: