super.kg logo

“Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү үй камагына чыгарылды

 

Ош шаардык соту “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, 2013-жылдын 13-июнунда Ош облусунун ИИБи козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суу районунда “Хизбут-Тахрир” уюмунун 9 жигердүү мүчөсүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында табылган материалдар Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссияга соттук-теологиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертиза жыйынтыгына ылайык, кармалгандардын бири Кара-Суу шаарынын тургуну М.Мга диний кастыкты тутандыруу, экстремисттик чакырыктары, өз компьютеринде экстремисттик материалдарды сактоо фактылары боюнча айып коюлган. Ал эми кечээ, 17-июнда Ош шаардык сотунун соту Т.Айбатиев тарабынан айыпталуучу М.М. үй камагына чыгарылган. Учурда прокуратура органдары Ош шаардык сотунун чечимине даттанууга ниеттенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.06.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даттаныш керек да, албетте. Бейкапар ишинди уланта бер дегенсип чыгарып салдыбы. Эч жакка кете албаганы менен, уйундо ишин уланта берет да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: