Сокулук районунда жергиликтүү тургундун бакчасынан жардыруучу зат табылды
Сокулук районунда жергиликтүү тургундун бакчасынан жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-июнда саат 18:00 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Новапавловка айылында жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Үйдүн кожоюну пайдубалга ылайыктап жер казып жатып гранатага окшош зат көрүп, милиция кызматкерлерине кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери аталган жерге келип, жардыруучу затты табышкан. Коргоо министрлигинин кызматкерлери бул жардыруучу затты жок кылуу үчүн коопсуз жайга алып кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
tynara81

18.06.2013. 14:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан тушуп калды экен, ал короого.. Кудай сактаптыр дагы, озбектердин "Бомба” киносун эстетет го.
tynara81 түзөттү 18.06.2013 14:33
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.