|
Дүйнөнү суктанткан Кыргыз жергесиндеги гүлдөр
“Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн. Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн” деген белгилүү ырдын саптары мекенибиздин аска-зоолорун жана ээн талааларын даңазалайт эмеспи. Кыргыз жергесинин жаратылышы кооз, түркүн өсүмдүктөргө бай экени талашсыз. Көптөгөн саякатчылар сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү сүрөткө тартуу үчүн бийик тоолорубузду багындырат, окумуштуулар Кызыл китепке кирген гүлдөрдүн үстүнөн изилдөөлөрдү жүргүзөт. Айрым гүлдөр медициналык касиетке ээ болсо, кээ бирлери жөнүндө уламыштар эл арасында айтылып жүрөт. Көздүн жоосун алган гүлдөргө бирге көз чаптырып суктаналы...
Мамыры гүлү
Тоо гүлдөрүнүн ханышасы Мамыры гүлү, ал эми илимий аталышы “Арстандын таманы”.
Мамыры гүлүнүн өзгөчөлүгү анын тарыхында. “Мамырыны тапкан адам жаман нерселерден арылып, күчтүү болуп калат. Ийгилик аны дайыма коштоп жүрөт. Эгер жигит гүлдү ашыгына берсе, кыздын ага болгон сүйүүсү артып, өмүр бою бири-бирин сыйлап өтөт". Мына ушундай айтымдар кыргыздарда гана эмес, башка элдерде да жашайт. Гүл бир караганда өзүнө кооздугу менен дароо бурбайт, бирок ал гүлдө аябай көп сырлар камтылган. Көңүл коюп караган гүл сүйүүчү гана анын ажайып кооз гүл экенине күбө боло алат. Элдик медицинада мамыры дары катары илгертен колдонулат. Мисалы, стресске, сезгенүүгө каршы табылгыс каражат. Сергитүүчү, денедеги ууларды чыгаруучу, иммунитетти бекемдөөчү, карылыктын алдын алуучу касиеттери бар. Тибеттиктер гүлдү миңдеген жылдардан бери дем алуу жана тамак сиңирүүчү органдардын ооруларында, кызыл жүгүрүктө колдонуп келишет.
Айгүл гүлү
Баткен өрөөнү өзүнүн татымдуулугу боюнча балдан кем эмес, асыл баалуу түркүн сорттогу өрүктөрдүн даамы менен даңазаланып келет. Ал гана турсун дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү да ушул облустун аймагында өсөт. Дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү гүлдүн бул түрү Кызыл китепке киргизилген. Марттын башынан майдын аягына чейин гүлдөп, гүлдөрүнүн жыты анча айкын эмес, нектарынын курамында канттын саны өтө аз. Туризм департаментинин маалыматы боюнча аталган гүлдүн кооздугуна жакындан суктанууга чет өлкөдөн келген туристердин саны арбын. Мисалы жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн, ошондой эле Европадан да гүл сүйүүчүлөр көргөнү келишет. Эң кызыгы гүлдүн чаңдашуусуна сур чымчык да катышат. Жаратылышта уругу аркылуу көбөйөт. Эгилгенден кийин 7-8 жылдан кийин гүлдөйт.
Байчечекей
Байчечекей гүлүнүн мекени Борбордук Азия болуп саналат. Көбүнчө тоолуу жайыттарда көп кездешет. Бул өсүмдүктүн гүлүнүн кооздугун жакындан көргүңүз келсе, анда азыр жолго бет алсаңыз болот. Анткени март айынын соңунан баштап гүлдөй баштайт. Кыргыз жергесинде бул гүл “байчечекей” деген каймана ат менен белгилүү. Кыргыз жеринде жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдөн болгондуктан, гүл Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган. Бирок жаздын алгачкы күндөрүндөгү гүл катары аны үзүп, сатыкка чыгарган учурлар Бишкек шаарында да көп катталууда. Аталган гүлдүн дүйнө жүзү боюнча 80 түрү болсо, анын 2 түрү Кыргыз жергесинде өсөт. Алар Шафран Алатавский жана Шафран Королькова түрлөрү болуп саналат. Жөө жүргүнчү туристтик бирикмесинин маалыматына караганда, гүлдүн бул түрүн көрүүгө жергиликтүү тургундардан атайын топ түзүлүп, тоого чыгышат.
Сары колхикум
Көп жылдык өсүмдүктүн түрү болгон сары колхикум Борбор Азияда өсөт. Айрыкча Памир-Алай жана Тянь-Шань тоолорунда март айында гүлдөйт. Гүлү июль айынын соңуна чейин сакталып турат. Ал эми уруктоосу май айынан август айына чейинки аралыкта болот. Негизинен бул уулуу гүл болуп саналат. Өсүмдүктүн курамында алкалоид, анын ичинде колхицин болгондуктан, аталган гүлдү рак илдетинин бир нече түрүнө каршы күрөшүүдө медицинада колдонушат. Аны жеген мал ууланып калган учурлар көп кездешет. Сары бейубак Казакстандын Кызыл китебине киргизилип, коргоого алынган.
Мала көгүш троллиус
Мала көгүш троллиусту эл арасында “Альпы тоосунун розасы” деп да атап жүрүшөт. Ал көп жылдык өсүмдүктүн бул түрүнө кирет. Кыргыз жергесинде гүлдүн бул түрү көп өсөт. Ага кызыккандар Төө-Ашууга, Ала-Белге жана башка тоо этектерине барып көрсө болот. Тоо розасы Борбор Азиянын бийик тоолорунда өсөт. Айрыкча Памир-Алай жана Тянь-Шань, Жунгария, Тарбагатай тоолорунда гүлдөйт. Гүлдүн бул түрү Кытай-Алтай жана Монголия жергесинде да кездешет. Андан сырткары, Алтай, Хакасия жана Тывада да өскөнү байкалган. Бул гүл Бурятия өлкөсүндө да сейрек кездешет. Ошол себептен Бурятиянын Кызыл китебине киргизилип, коргоого алынган.
Оролгон соссюрея
Оролгон соссюрея гүлү өтө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн тизмесин толуктайт. Анын өзгөчөлүгү таштуу аймактарда жана 3500 метр бийиктиктеги тоолордо өсөт. Ошол себептен да бул гүлдүн кооздугуна жанынан альпинисттер гана суктана алышат. Оролгон соссюрея өсүмдүгү дарылык касиетке ээ. Өзгөчө кургак учук илдетине каршы медициналык каражаттарда колдонулуп келет. Өсүмдүктүн жалбырагы жана топ гүлү колдонулат. Казакстанда бул гүлдүн 41 түрү катталган. Июль-август айларында гүлдөйт. Бул гүл көп жылдык өсүмдүк болуп саналат.
Гнафалиумдай Соссюрея
Ошондой эле Кыргыз жергесинде жогоруда аталган гүлдүн Гнафалиумдай соссюрея аттуу түрү да бар. Гүлдүн тарыхына токтоло турган болсок, гүл өсүмдүктөрдүн химиги жана физиологу Орас Бенедикт де Соссюр жана анын уулу Никола Теодор де Соссюрдун атынан коюлган. Өсүмдүктүн бул түрү көп жылдык болуп саналат. Июль жана август айларында гүлдөп, август-сентябрь айларында уруктайт. Кыргыз жергесинде Тянь-Шань тоолорунда өсөт. Өзгөчөлүгү бийик тоолуу аймактарда гүлдөйт.
Колпаковский мандалагы
Колпаковский мандалагы Түндүк Тянь-Шандын саны азайып бара жаткан эндемик. Эрте гүлдөгөн мандалак, гүлүнүн кооздугу менен айырмаланат. Тоо этектериндеги түздүктөрдө жана өтө бийик эмес тоо алкактарындагы майда шагыл-таш топурактуу жерлерде өсөт. Ареалы кыскарып, жаратылышта азайып бара жатат. Апрель-майда гүлдөп, уругу аркылуу көбөйөт. Өсүү шарттарын анча талап кылбайт. Башка өсүмдүктөргө жараксыз таштак кыртыштарда жакшы өсүп-өнөт. Казакстан, Кыргыз жергесинде жана Батыш Кытайда тараган. Ал эми республиканын аймагында өзгөчө Кыргыз тоо кыркасы жана Ысык-Көлдүн айланасында кеңири тараганы байкалган. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилип, коргоого алынган өсүмдүк. Жалал-Абад облусунун Сары-Челек аймагында Островский жана Колпаковский мандалагынын 15тей түрү кездешет.
Орточо чымылдык
Орточо чымылдык Воронцов гүлдөрү деген ат менен да кеңири тараган. Бул гүл Кыргыз жергесиндеги Ысык-Атада көп кездешет. Жөө жүргүнчү туристтердин айтымында, ээн талааны кызыл түскө боёгон гүлдөрдүн бири ушул. Көп жылдык өсүмдүктөрдүн тизмесине кирет. Элдик медицинада анын жалгыз гана тамыры колдонулат. Ар кандай дарттар менен күрөшүүдө көмөкчү болуп келет. Мисалы, ашказан жарасы, ашказан гастрити, гинекологиялык ооруларга, көк жөтөл, талма, астма, уйкусуздук жана эркектердин оорулары менен күрөшүүдө жардамчы. Эң негизгиси башка гүлдөрдөн айырмаланып, Орточо чымылдык эндорфиндин бөлүнүп чыгуусуна башкы себепкер боло алат. Ал эми адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү жагдайлары аныктала элек.
Келишимдүү саргалдак
Келишимдүү саргалдак аттуу бир жылдык гүл май айында гүлдөп, июнь айында уруктайт. Жалпы жайылуусу Иран, Кытай жана Борбордук Азияда. Ал эми Кыргыз жергесинде Ала-Тоо тоосунда жана Алайда өсөт. Гүлдүн бул түрү дарылык касиетке ээ болгондуктан, аны өпкө жана дем алуу органдарына дары каражаттарын даярдоодо колдонушат. Ошондой эле кан басымын түшүрүүдө жардам берет. Бирок аталган дары өсүмдүгүн колдонууда өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин адистер кеңеш беришет. Анткени бул гүл уулуу өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилген. Май айынан июль айына чейинки аралыкта аба ырайы жылуу аймактарда гүлдөйт. Ал эми аба ырайы суугураак өрөөндөрдө болсо июнь айынан баштап август айына чейин гүлдөгөнү белгилүү. Чаңдашуусу гүл ачыла элек мезгилинде аарылар тарабынан жүргүзүлөт. Андан сырткары гүлдүн уруктары шамал аркылуу башка аймакка учуп барып өскөн жолу да бар.
Көлөкөчүл арала
Көлөкөчүл арала. Гүлдүн бул түрүн “Токой орхидеясы” деп да атап коюшат. Тоолуу аймактарда өсөт. Июнь жана июль айларында гүлдөп, август айында уруктайт. Бир гүлдүн сабагынан 50 миңге жакын гүлдүн уругу чыгат. Бул өсүмдүктүн 40тай түрү катталган. Аны менен катар өсүмдүктүн бул түрүн үй шартында да өстүрүүгө болот. Башка гүлдөрдөн айырмаланып, бул гүл саздуу аймактарда жакшы өсүп, гүлдөйт. Ал эми гүлдүн тамыры заманбап медицинада кубаттандыруучу каражаттарга кошулуп келет.
Бийик тоо скабиозасы
Бийик тоо скабиозасы көп жылдык өсүмдүк болуп саналат. Анын жаратылышта 100дөй түрү бар. Гүлдүн аталышын латын тилинен которгондо “чесотка” (котур) дегенди түшүндүрөт. Бирок башка гүлдөрдөн айырмасы - аарыларга көп бал берүүчү өсүмдүк болуп саналат. Бул гүл уругу менен гана көбөйөт. Гүлү июнь айында ачылып, күз мезгилине чейин гүлдөп турат. Гүл өстүрүүчүлөрдүн айтымында, “Котур” гүлүн өстүрүү көп күчтү талап кылбайт. Анын өстүрүүдөгү эң башкы сыры - өз убагында суу куюп туруу дешет адистер. Андан сырткары гүлдүн бул түрүнүн эң башкы өзгөчөлүгү катары “котур” дартынан арылууга жардам берерин айтсак болот.
Шорчул
Шорчул көп жылдык өсүмдүк болуп саналат. Уругу менен көбөйөт. Негизинен чөлдө жана ээн талааларда жакшы өсөт. Мурдагы Советтер Союзунун аймагында 7 түрү өсөт. Бул гүлдүн өзгөчөлүгү башкалар сыяктуу дарылык касиетке ээ, бирок бул гүл көбүнчө косметикалык каражаттарда колдонулат. Бул гүлгө атайын изилдөө Япония жана Кытай өлкөлөрүндө өткөрүлгөн. Апрель жана май айларында гүлдөйт.
Жумгар кум казыгы
Жумгар кум казыгы бир жылдык өсүмдүк болуп саналат. Ал май-июль айларында гүлдөп, июль-август айларында уруктайт. Жалпы таралышы: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Афганистан, Монголия, Кытайдын түндүк-батыш бөлүгүндө жана Кыргыз жергесинде өсөт. Кыргыз жеринде өзгөчө Тянь-Шань жана Ала-Тоо тоосунда өсөт. Бул гүл күндү өзгөчө жакшы көргөн өсүмдүк болуп саналат. Үй шартында өстүрүү өтө кыйынчылыкка турат. Уулуу өсүмдүк болгондуктан тиричиликте колдонууда өтө этияттыкты адистер кеңеш беришет. Эң кызыгы биз колдонуп келген кадимки Аскорбинка +, Аскорбиновая кислота жана Кальция глюконат дарылары менен окшош каражат катары сатылат.
Күрөң чыраш
Күрөң чыраш чачы тамыр сабактуу, кыска вегетациялуу чөп өсүмдүк, геофит, ксеромезофит. Сабагы түксүз, бийиктиги 25-40 сантиметр. Жалбырактары сызгычтай шуштугуй, туурасы 5-6 миллиметр. Гүл тобу көп гүлдүү, цилиндрдей. Апрель-майда гүлдөйт. Май айында мөмөлөйт. Кыргыз тоо кыркасынын түндүк капталынан Ысык-Ата жана Кегети капчыгайларынын аралыгында учурайт.
Литвинов чегендери
Литвинов чегендери (родиола Литвинова) гүлү чарбачылыкта кеңири колдонулган жана чачыранды таралган түр болуп эсептелет. Шагылдуу топурактар, эшилме шагылдар жана мөңгүлөрдүн жээктеринде өзгөчө бийик тоо алкактарында өсөт. Саны азайып бара жаткандыктан коргоого алынган. Гүлдүн бул түрү көп жылдык болуп саналат. Анын тамыры жоон болот, айрыкча жогору жагынын жоондугу 2 сантиметрге чейин жетет. Июнь-июль айларында гүлдөп, июль-августта мөмө байлайт. Уругу аркылуу көбөйөт. Жалпысынан Монголия, Жунгар, Кашгар; Тянь-Шанда да таралган. Ал эми Кыргыз жергесинде болсо Талас, Чаткал, Фергана тоо кыркалары; Памир-Алай: Алай жана Түркстан тоо кыркаларында таралганы байкалган.
Уу коргошун
Уу коргошун. Бул гүлдүн 4-6 миллиграмм кайнатмасы же ачытмасы өлүмгө жеткирет. Кыргыз өлкөсүндө көп жерлерде өсөт, июль-август айларында гүлдөйт. Мисалга Ысык-Көл, Суусамыр, Чаткал, Нарын жана Алайда өсөт. Ысык-Көлдөн терилгендерин “Ысык-Көл тамыры” деп аташат. Ал эми медицинада бир кездерде уу коргошундун тундурмасын куяң оорусуна колдонулуучу “Акофит” дарысына кошушчу. Кийин бул дары колдонуудан алып салынган. Учурда элдик дарыгерлер дары катары кызыл жүгүрүк, артрит, полиартрит, өпкө оорулары, рак, миома, эрозия, куяң, кулгуна, мастопатия, жатын түтүгүнүн барсылдагы (киста) жана башка ооруларды айыктырууда пайдаланышат. Дарылыкка көбүнчө тамыры пайдалынат. Тамыры жазында жана күзүндө казып алынат.
***
Сүрөттөрдү жана маалыматты топтоодо Кыргыз улуттук илимдер академиясынын биология топурак таануу институтунун улук окутуучусу Мыскалай Ганыбаевага, сүрөтчү Влад Ушаковго, “Саякатчылар клубуна”, “Жөө саякатчылар биримдигине” ыраазычылык билдиребиз.
Автор: Айнуска Жороканова
Рейтинг: 2
|