super.kg logo

Жол эрежелерин бузган чет элдик жүк ташуучуларга салынган айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү сунушталууда

 

Бүгүн, 3-апрелде парламенттин тийиштүү комитетинде чет элдик айдоочулар жол, жүк жана эл ташуу боюнча мыйзамдарды бузган учурда аларга карата салынган айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү сунушталууда.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, мыйзам бузуулар болгондо административдик жазалар аткарылбай калгандыктан бюджетке көптөгөн акча каражаттары түшпөй калууда.

"Бул мыйзам долбоору аркылуу чет элдик унаа ташуучулардын уруксатсыз унаа ташуусуна салынган айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго жогорулатуу керек. Эгерде бир жыл ичинде мыйзамсыз аракети кайрадан катталса айып пулдун көлөмүн 100 миң сомго көтөрүү сунушталууда. Ошондой эле эл ташыган жана жүк ташыган унаа айдоочулары жол кыймылын бузганда айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго жогорулатуу зарыл болууда. Мындай демилгени алып чыгууга жакынкы жана алыскы өлкөлөр өз мыйзамдарын коргоо максатында чет элдик мыйзам бузган айдоочуларга каршы ири административдик чараларды көрүп жатканы түрткү болду", - деди Калилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.04.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жумуш ордун ачуу, жаңы завод фабрика куруу оюнда жок. Эптеп элден налог топтосо. Меймандарды кыйнап пайда табалбайсыңар , ошолордо жүргөн кыргыз мигранттарына зыян келтиресиңер.
03.04.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир эле орус жаранына айып салып коргулочу.Ошонун айынан миллион кыргыз жарандары россиядан таап жеген нанынан айрылат.Кичине ойлонуп иш кылгылачы.
03.04.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин жеп жутарлар которуну эле суйлошот ушудан кору айлык пенсияны которуну ойлонушпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: