Олимпиаданын 8 жолку чемпиону Уле-Эйнар Бьёрндален спорттук карьерасын жыйынтыктайт
Олимпиаданын 8 жолку чемпиону, норвегиялык биатлончу Уле-Эйнар Бьёрндален бүгүн, 3-апрелде спорттук карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Бьёрндален тарыхтагы эң титулдуу биатлончу. Ал Олимпиада оюндарында 8 жолу чемпион, 4 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алган. Ошондой эле Бьёрндален биатлон боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктарда 20 алтын, 14 күмүш жана 11 коло медаль тагынган.
Уле-Эйнар Бьёрндалендин спорттук карьерасын жыйынтыктоо тууралуу маалымат жыйын бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
talas0707

04.04.2018. 14:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кетсе башкалар суйунуп жаткан чыгаар. Биз да эми медаль тагынабыз деп.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.