super.kg logo

Түп-Кеген унаа жолун курууда мамлекетке 51 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

 

Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген жолун курууда жаратылышка зыян келтирүү менен мамлекеттин бюджетине 51 миллион сом чыгым келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактык бөлүмү эл аралык маанидеги Түп-Кеген унаа жолун оңдоо боюнча Т.Э.Г. ЖЧКсы менен 1 млрд 949 миллион сомго келишим түзгөн.

"Түп-Кеген жолун курууда Транспорт министрлиги менен аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары Т.Э.Г. жоопкерчилиги чектелген коом менен биргеликте мыйзамсыз кадамдарга барган. Аталган коом эч кандай документтери жок эле Кең-Суу, Сары-Төлөгөй жана Токтоян айылдарындагы карьерден бекер кум-ташты алууга уруксат берип турган. Ал эми жасалган иштерге колдонулган материалдардын баасы документтерге жазылып, ага каражаттар бюджеттин эсебинен алынып турган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Мындан улам 2008-жылдан 2017-жылга чейин бюджеттен мыйзамсыз алынган каражатын суммасы 50 миллион 384 миң сомду түзгөн. Ошондой эле жайыт жерлерди мыйзамсыз колдонуудан жаратылышка 808 миң сом өлчөмдө зыян келтирилип, жыйынтыгында, мамлекет 51 миллион 192 миң сом зыян тарткан.

Бул факт боюнча Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 180-берене (мыйзамсыз ишкердик), 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу) 305-берене (жер мыйзамдарын бузуу) 303-берене (коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.04.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сарытологой деп жазылат
03.04.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмыш ишин козгой бергиле!!! Козголуп эле аягы жок кала берет
03.04.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардак, баардык жерде.
03.04.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер качан пайда Кылдынар эле Кыргыз олкосуно, силер карыз алышты жешти билесинер болду
03.04.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эл үчүн таза бүтүргөн иш жок экен да.Карыз алып жеп алмай анда да милиондоп жешет.
03.04.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кум ташты сатылып алынды деп жеп койушкан тура..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: