super.kg logo

ЖЭБге кеткен миллиондорду иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны үзгүлтүккө учурады

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек жылуулук электр борборунун 386 миллион долларлык курулушун иликтеген депутаттык комиссиясынын жыйыны үзгүлтүккө учурады. Буга Кытайга барып, ТВЕА компаниясы менен таанышып келген депутаттардын бүгүнкү жыйынга чакырылып, бирок келбегени себеп болду. Алар: Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Мурадыл Мадеминов жана Исхак Пирматов.

Кытайга барып келген Осмонбек Артыкбаев гана жыйынга катышты. Ал 2013-жылы ТВЕАнын ишмердүүлүгү менен таанышып келүү үчүн Кытайга эки депутаттык делегация барганын айтты.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев жыйынга чакырылган депутаттардын келбей калышына нааразы болду.

“Чакырылган кесиптештерибиздин келбей калышы өтө өкүнүчтүү. Биз ЖЭБдеги кырдаал боюнча аткаруу бийлигиндеги адамдарды гана укпастан өз кесиптештерибиздин да калыс сөздөрүн угуп коюуну туура көргөн болчубуз. Ошондуктан алардын да оюн угуп, андан кийин жыйынтыктоо керек деп ойлогонбуз”, - деди Абдылдаев.

Комиссия төрагасы Улан Примов башка күнү комиссиянын кезексиз жыйынын өткөрүүнү сунуштады. “Ар кандай себептерден улам келе алышкан жок. Бирок комиссиянын корутундусу даярдалып жатат. Эртең же дагы башка күнү кезексиз жыйынга чогулуп, алардын оюн угуп, чечим кабыл алабыз”, - деди Примов.

Комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов эртең парламенттин жалпы жыйынында бул маселени кароону сунуштады. Примов бул сунушту эртеңки жыйында көтөрө турганын айтты.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
03.04.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арты кир болсо келе албайт кезексиз жыйынга да.
Жегендин баарын камап, төлөтүш керек. Карыз энесинин оюну эмес.
03.04.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
АША нын таасири явно билинип атат, себеби иликтесе барып ошого такалып атат да анан буларды давить этип атса керек
03.04.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх акыры жабылат экен да, жегендерди толотсо болот эле корунуп эле турат акча жеп койушканы
03.04.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
АША турганда Кыргызстан онукпайт окшойт, комиссиянын деле оозун жаап коюшат го бул кетиште
03.04.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Самалет кулаганда топтолгон акчалар каякка жумшалды ?
03.04.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул немени АША уюштуруп жатат белгилүү эле себептери.Биздин саткын депутаттарды АША чычып богуңу же десе жейт.Эмне үчүн Атамбайыпка тең келе турган адам жок ия?жиндиге жинди адам эмне үчүн чыкбай жатат.Мынтип олтурсак ХХХХХХХХХХ өнүкбөйбүз.Мирзоёевди көр 45 күндө бир айылды курду,аа биздикилер ХХХХХХХХ албай жүрүшөт.Админ кечиресиңер күйгөнүмдөн алам болуп ыйлап жаздым качан оңолобуз деги?Чоңдор эсиңерге келип иштегилечи таза,акыры адамбыз го монстр эмесбиз.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-03 17:12:16
03.04.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чогуу эле жегенбиз деп ачыгын эле айтып койбойбу кыйналбай
04.04.2018. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыры бир сом учун жооп бересинер кытайлыктардын сыйын коруп алып булардын кылган ишин кара жээнбеков эл учун иштеп жаткан болсон эрдигинди коргозчу бийлик колдо го эх депутаттар 120 суук болбосо быйыл ким билди болмок экен да
04.04.2018. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдин оз намысына коюш керек эч кимиси куноолуу эмес болуп чыга келет мирзиоёев путин рахмон бердымухамедов назарбаевтерден улгу алган бир чиновник жок жесе дагы кылып жесе сонун болот эле го акыркы 10жылда бир завод же бир спортивный зал сала алдыкпы албетте жок газпромду эске албаганда коншу олколор олимп оюндарын откоруп жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: