Ош. “Мезгил дарылайт” аттуу кыска метраждуу тасманын ачылыш аземи болот
25-июнда Ош шаарында “Мезгил дарылайт” аттуу кыска метраждуу тасманын ачылыш аземи болот. Бул тууралуу аталган тасманы тарткан чыгармачыл топ билдирди. Иш-чара шаардагы “Семетей” кинотеатрында болмокчу. Режиссёр Рысбек Жабиров тарткан тасма 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу. “Кээде адам жашоого тоюп, күнү түнгө айланып калганда, эмнеге деген жөнөкөй суроого жооп таппай, бүдөмүк ойлорго жетеленет. Бирок бул учурда сабырдуулук гана сенин адамдык касиетиңди жоготпой сактап калат. Анткени жашоонун маңызы сабырдуулук менен кечиримдүүлүктүн негизинде сакталып, үмүт шооласын өчүрбөй кармап турат. Тасмада ушул тема чагылдырылган”,- дейт тасма жаратуучулар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

