super.kg logo

"Тургундар көпүрөнүн толук бүтө электигине карабай андан өтүп жатышат" дейт техникалык-өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жаңы курулуп жаткан көпүрөдөн жергиликтүү тургундар атайын коюлган белгиге карабай өтүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Жала-Абад облусунун курулуш башкармалыгынын техникалык-өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Ахмад Курбанов билдирди.

"Базар-Коргон айылынан өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын үстүнө курулуп жаткан көпүрө ишке бериле электе эле жергиликтүү тургундар андан өтүп жатышат. Көпүрөнүн 2 башында өткөнгө болбойт деген атайын белгилер орнотулган. Курулуш материалдары, тактап айтканда, көпүрөгө чейинки жол четине коюлуучу бардюрларды түшүрүп жана ал жакта иштеп жаткан куруучулардын тиешелүү документтери жана коопсуздугу үчүн берилген кийимдери бар", - дейт Курбанов.

Ошондой эле жетекчи көпүрө атайын сыноодон өткөнүн жана курулуш иштеринин 90 пайызы бүтүп калгандыгын билдирип төмөндөгүлөргө токтолду:

"Коопсуздук үчүн каралган атайын каскаларды жумушчулар кийбей койгондугу үчүн куруу иштери менен алектенип жаткан адамдардын жетекчилигине 7 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынды. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан каражат бөлүнө электигине жана тийиштүү органдар тарабынан текшерүүлөр жүрүп жаткандыгына байланыштуу куруу иштери убактылуу токтотулду".

Эскерте кетсек, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жаңы курулуп жаткан көпүрө адамдардын жашоосуна коркунуч жаратып жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.04.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир аз сабыр кылып чыдай тургула туугандар. Биротоло бүткөндөн соң пайдалангыла, бөөдө кырсыктар болуп кетпесин.
04.04.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча жазса болмок ,тушунбойт Кыргызстанда орусча не кылып журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: