super.kg logo

Франциянын темир жол кызматкерлери жумуш ташташты

 

Франциянын темир жол кызматкерлери жумуш ташташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, кызматкерлер темир жол компаниясын реформалоого каршы чыгып жатышат. Алардын билдирүүсү боюнча нааразычылык акциялары июнь айына чейин уланат, анда кызматкерлер жумасына 2 жолу иш таштап турушат.

"2-апрелде темир жолчулардын жарымы жумушка чыккан эмес. Ал эми 3-апрелде тез ылдамдык менен жүрүүчү поезддердин 12 пайызы гана иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик жеке менчик машиналардын айдоочуларын башка жүргүнчүлөрдү жолдон ала кетүүгө чакырууда", - деп жазылат маалыматта.

Президент Эмануэл Макрон сунуш кылган реформага ылайык, темир жол тармагындагы атаандаштык күчөтүлмөкчү. Андан тышкары, темир жолчуларга каралган жеңилдиктер жоюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.04.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин маршрутка айдагандар не болду бүгүн жумушка чыктыбы . Биздикилер чалып айттыбы токтоп тургула деп.
03.04.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баткендеки тажик кыргыз урушун эмнеге жазбай жатасыңар,мылтыктын тарсылдаганы,бүткүл айылдын жаштары бак аралап атышып таштар менен койгулашып жатышат го.Ачыгын билгиле эмне болгонун.
03.04.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизден уйронушконго
04.04.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин маршрутка айдоочуларыбыз уйроткон го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: