super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тиллаев "Республика-Ата Журттун" фракция лидери эмне үчүн алмашканын айтып берди

 

Кечээ, 3-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери алмашты. Депутат Таабалды Тиллаев SUPER.KG порталына билдиргендей, кечээ лидерди алмаштыруу чечими кабыл алынып, чукул жыйын өткөн. "Чечим кабыл алып, жаңы лидерди көпчүлүк добуш менен шайлап алдык. Ротация болуп туруу зарыл. Бардык депутаттарга мүмкүнчүлүк берилиши керек", - деди ал.

Тиллаевдин айтымында, лидер алмаштыруу боюнча Руслан Казакбаевдин кабары бар болчу. "Жыйында Руслан Айтбаевичтин отставкасын кабыл алдык. Эки талапкер лидерликке талапкерлигин койду. Курманкул Зулушев менен Жыргалбек Турускулов. Зулушев талапкерлигин алып салып, Турускулов көпчүлүк добуш менен лидер болуп шайланды", - дейт эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ Казакбаев лидер алмаштырылат деген ушак сөз экенин айтып, фракциянын жыйыны өтүп жатканы боюнча кабары жок экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: