Мамлекеттик каттоо кызматы: "Бир айда 9 миңдей түгөй ажырашууга арыз берип жатат"
Айыл жерлеринде жаш түгөйлөрдүн ажырашып кетүүсү көп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Мындан улам депутат баш кошуу үчүн жарандын абалдык актыларын каттоо бөлүмдөрүнө арыз берген жаштарга бир ай убакыт бөлүп, алар менен маектешүү керектигин сунуштады.
"Жаштар турмуш курууга даяр эмес болууда. Өзгөчө айыл жерлеринде ажырашып кеткен жаш түгөйлөрдүн саны көп катталып жатат. СССР учурунда никеге туруу үчүн арыз берген жаштар менен бир ай маектешүү уюштурулчу. Ошондуктан азыр да үй-бүлөлүк маселелер боюнча жаштарга түшүндүрүү аракеттери көрүлүшү керек", - деди Карамушкина.
Жыйынга катышып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү өлкө боюнча бир айда 25 миң түгөй баш кошууга арыз берсе, 9 миңдейи ажырашууга арыз берип жатканын маалымдады. Ошол эле учурда депутаттын сунушун ишке ашыруу үчүн кызматкерлер жетишсиз экенин кошумчалады. "Никеге туруу үчүн арыз берген жарандар менен бир ай бою маектешүү жүргүзүүгө биздин кызматкерлер жетишсиз", - деди аталган кызматтын өкүлү.


Ажырашуулардын эн негизги себеби ата-эне тарбиясына келип такалат. Ата-энелери жакшы тарбия бербегени учун азыркы жаштардын копчулугу женил ойлуу (тоок мээ). Болбогон шылтоо менен ажырашат же намысын тебелеп ар ким менен журуп кетет. Анан калса ата-энелер уул-кыздарына жакшы тарбия бербегени аз келгенсип, кайра жаштарды ажыраштырып тынышат алардын жашоосуна аралаша беришип...... Уй-булонун пайдубалы тарбияга барып такалат...