super.kg logo

Жүк ташуучулардын иш таштоосу түштүктө күйүүчү майдын жетишсиздигине алып келди

 

2-апрелден бери иш таштап, аймактарга жүк ташууну токтотуп Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" көзөмөл-өткөрүү бекетинде турган айдоочулар бүгүн да иш башташкан жок. Мындан улам түштүк аймагында күйүүчү май жетишсиз болуп жатканы айтылууда.

Маалыматты тактоо үчүн Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаевге байланышканыбызда: "Биздин максатыбыз - күйүүчү майды такыр эле аймактарга жеткирбей коюп, элди кыйноо эмес. Бизге май куюучу жайларда күйүүчү май түгөнүп, жетишсиз болуп жатканын айтышкан, учурда 100 жүк ташуучу унаанын ичинен күнүнө 4-5 унааны жиберип жатабыз. Бүгүн вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү менен келип чогулуш өтүп кетем деди. Бирок биздин көйгөй бир күндө эле чечилип калчу маселе эмес. Анан да бул жерде Транспорт министрлигинин өзүнүн кызыкчылыктары бар, алар чечип бере алышпайт. Биз өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, маселенин терең изилденишин каалайт элек", - деп билдирди.

Айта кетсек, күйүүчү май ташыган унаалардын айдоочулары унааларды камсыздандырууга жана айып пулдун көлөмүнө нааразы болуп иш таштап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
04.04.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иш таштоолор көбөйдү бир мадем бар го......
04.04.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштар да бошоп калды окшойт
04.04.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип жок болсун 87 апрел келип калбадыбы
04.04.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылат тура бергиле качан чечилмейинче
04.04.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заманына карай амалы. Заманың бөру болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол.
04.04.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
гсм кенири эле Ошто мен АЗС те иштейм дагы 1жарым 2айга жете турган запас бар нефтебазада.Шылтоолоп жолгире менен гсм бааны которуп жибербегиле
04.04.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
штрафты кобойткону МАИ кызматкерлерине кудай берди дегени
04.04.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Закон иштемейинче элдер курттайт,законду элдер сыйлап түз жүрө өнүгүү өсүү болот,жана мамлекетибизди бөтөн элдер сый урмат менен карай баштайт,биз өзүбүз чирик болуп законду эшек жайлоо кылып атсак каалаганыбызды кылсак бизге закондун не кереги бар
04.04.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менчикке бере берсе баарын ушундай тушалатта мамлекет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: