super.kg logo

УКМК: "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов кармалды"

 

"Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов УКМК тарабынан 3-апрелде кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жетекчи Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен айыпталууда.

"Аталган ишкананын модернизация тобунун жетекчиси Темирлан Бримкуловго УКМК 2-апрелде кылмыш ишин козгогон. 3-апрель күнү Бримкулов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча кармалды", - дейт басма сөз катчы.

Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле ишкананын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да кармалгандыгы маалымдалган.

Ал эми 30-январда Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
04.04.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХ ХХХХХХ кырат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-04 12:43:48
04.04.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaku2017, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
04.04.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХ салгыла
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-04 12:43:59
04.04.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kojo1995, этика нормаларын сактаңыз!
04.04.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кайдагы чабактарды кармай бербей киттерден баштасанар кашалоттор отурат мени кармасанар уят болот дешип
04.04.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurtilek82,эркекче айтылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: