Ош. Алай районунда “Өнүгүү жолу аракет менен эмгекте” аттуу семинар болуп өттү
Меймандарды улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты


Меймандарды улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты

Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков даам сызууда

Алай районундагы өндүрүш ишканасы

Таштанды таштоочу жаңы орнотулган урна

Жаңы бүткөн №5 бала бакча менен танышуу

Алай районунун өнөрпздору ырдап жатышат

Журналисттерге интерью берүү учуру

Алайдагы Курманжан Датка музейине саякат

Көчөгө орнотулган түнкү жарыктар
17-июнда Ош облусунун Алай районунда “Өнүгүү жолу аракет менен эмгекте” аттуу семинар болуп өттү. Анда ар райондон келген бийлик
өкүлдөрү жана Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышты.
Келген коноктор Алай районундагы аткарылган иштер менен таанышып, анда Гүлчө
айылынын көчөлөрүнө жарыктар орнотулуп, Курманжан датка аллеясы
курулгандыгына, Ленин көчөсүнө 350 даана таштанды таштоочу урналар орнотулганына
жана башка аткарылган иштерге күбө болушту. Семинар кечки саат 23:00дөр
чамасына чейин уланып, жыйынтыктоо сөзүн Алай районунун акими Таалайбек
Сарыбашов сүйлөдү. “Ар бир жетекчи кызматка келгенде, ким чын дили менен
иштегиси келсе, ал үчүн аткара турган жумуш көп. Жогорудагы иштерди
аткарып, баары бүттү дебейм. Али көп иштер турат алдыда”,- деди аким. Ош облус
башчысы Сооронбай Жээнбеков Алай районунда аткарылган иштери үчүн район акимине
жана жергиликтүү тургундарга ыраазычылыгын билдирди.
Автор: Аксана Паизова
Фото: Аксана Паизова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

