super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" Жанар Акаевдин сөзүн четке какты

 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев эч кимди иш бөлмөсүнөн кууп чыккан жок", - деп SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.

"Бардык тийиштүү органдар келип текшерип жатышат, аларга атайын шарттар түзүлүп берилген. Алмазбек Ногойбаев биздин ишкананын бардык өкүлчүлүктөрүндө текшерүүчүлөргө көмөктөшкүлө деген тапшырма берген. Текшерүүчүлөр келсе биздин жетекчи аларды кууп чыга албайт да, кантип кууп чыкмак эле. Бул жерде маселе так эмес болуп жатат. Биздин ишканада "кууп чыгат" деген нерсе болгон эмес", - деди Каимов.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында депутат Жанар Акаев: "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн кууп чыгыптыр", - деп билдирген. Буга чейин ал 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз темир жолу" ишканасында мыйзам бузуулар көп экенин, коррупциялык шек жараткан бир канча маселелерди белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.04.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан мойнунарга алат экенсинер а
04.04.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөзгө баатыр - ишке жок.
04.04.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда аудио-видеозапиське жазылган доказательствону да танып атпайбы. Анан айтпаганды айткан корбогонду коргон кылып коюш оной эле да. Ушунчалык касам ичкенсип айтышат чиновниктер кимисине ишенээринди билбейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: