АКШда 17 жаштагы өспүрүм 20 университетке тапшырып бардыгына өттү
АКШда 17 жаштагы өспүрүм 20 университетке тапшырып бардыгына өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Хьюстон шаарынын тургуну 17 жаштагы Майкл Браун эң алдыңкы 20 жогорку окуу жайдан кат алган.
Белгилүү болгондой ал каттарда Браун окуу жайларга бюджеттик негизде кабыл алынганы жана ага стипендия төлөнөрү жазылган.
Азыркы тапта Майк Браун кайсы университетте окуй турганын чече элек. Бирок ал өзүнө жаккан 8 окуу жайды атаган Гарвард, Принстон, Түндүк-Батыш университети, Йель, Пенсильвания университети, Стэнфорд, Жоржтаун университети жана Вандербильт университети.
"Албетте, мен сыймыктанып жатам. Көптөгөн аракеттердин үзүрүн көрүп жатат. Азыркы тапта ал Mirabeau B.Lamar мектебин аяктап жатат. Балам 6-класстан кийин болгон көңүлүн окууга бурган. Ал эмнени каалап жатканын билип, чечимдерди дайыма өзү кабыл алчу", - деп окуучунун апасы Бертиния Рутледж-Браун билдирген.
Майкл Браун жакшы гана окубастан, мектептеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, көптөгөн коомдук иштерди аткарган. Келечекте ал саясат таануучу болгусу келет.












1 |