super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңешке Аида Салянованын ордуна келе турган 4 талапкер мандат алуудан баш тартты

 

"Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлнара-Клара Самат экс-депутат Аида Салянованын ордуна келүүдөн баш тартты. Андан кийинки үч талапкер Ташполот Балтабаев, Талантбек Узакбаев жана Рыспек Мирзаматов да баш тартканын SUPER.KG'ге "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, аты аталган адамдар парламенттик шайлоодо депутат болуу үчүн шайлоочулардын жетиштүү добуштарына ээ боло алышкан эмес.

"Биз төрт талапкердин мандаттан баш тартуу боюнча жазган арыздарын БШКга жибердик. Алар эми депутат болобу же болбойбу БШК чечет. Эгерде мандат булардын бирине берилбесе, анда Болот Шерге берилиши мүмкүн. Менимче, тизмеде кийинки сапта ошол киши турат болуш керек", - деди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатып тапшырган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: