Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалы өтөт

27-июлда Кыргызстанда алгач ирет кол өнөрчүлөрдүн
эл аралык “Оймо” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү
колдоо боюнча Борбор Азиялык ассоциациянын ресурстук борборунун директору Динара
Чочунбаева бүгүн, 18-июнда кол
өнөрчүлөр форумунда билдирди. Айтымында, фестивалга
Кытай, Кувейт, Непал, Бангладеш баштаган 18 өлкөнүн чеберлеринин келиши
күтүлүүдө. Дүйнөлүк чеберлердин чогулушунда кол өнөрчүлүккө байланышкан бир топ
маселелер каралат. "Фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көл облусунда жыйынтыкталат”,- деп кошумчалады Д.Чочунбаева.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

