super.kg logo
  Саясат  

2017-жылы атайын каражаттар түрүндө бюджетке 10 миллиард сом түшкөн

 

2017-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен мекемелердин атайын каражаттары түрүндө 10 миллиард 686 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу 4-апрелде парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Отурумда өлкөнүн каржы саясатына байланыштуу мыйзамдарды Бюджет кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан "Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралган.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелер менен ички аудит маселелерин жөнгө сала турган маселелерди Бюджет кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. "Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт", - деди министр.

Депутат Мирлан Бакиров жалпы эле фонддордун, анын ичинде экологиялык фонддун тагдырына кызыкты. Каржы министри мыйзамга ылайык атайын фонддорду түзүүгө тыюу салынгандыктан экологиялык фонд борборго айландырылып, ага бюджеттен каражат бөлүнө турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: