super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион долларды түзөт

 

Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион долларды түзсө, Түркия тарап жакынкы аралыкта аны 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Женгиз Камил Фырат 4-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушууда билдирди.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алгач төрага Дастанбек Жумабеков Женгиз Камил Фыратты ишеним грамотасын тапшырып, Кыргыз мамлекетинде дипломатиялык ишмердүүлүгүн баштагандыгы менен куттуктады. Ошондой эле төрага жаңы элчинин бай дипломатиялык тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, Женгиз Камил Фырат Түркиянын элчиси катары да эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ишенерин билдирди.

Андан тышкары, төрага Түркия Кыргыз мамлекетинин негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Женгиз Камил Фырат мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык зарыл болгон аракетти көрүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Женгиз Камил Фырат Түркия президент Сооронбай Жээнбековдун расмий иш сапарына даярдык көрүү менен, анын алкагында жагымдуу пикир алмашуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: