Испанияда майрам учурунда бука сүзүп салган киши каза болду
Испанияда Пасха майрамына катышкан 45 жаштагы кишини бука сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Испаниянын Аркос-де-ла-Фронтера шаарында атайын букаларды коё берип качкан улуттук майрамын (энсьерро) белгилешкен. Анда 45 жаштагы киши букадан кача албай калган. Бука качып бараткан адамды жыгылта сүзүп, мүйүзү менен көкүрөк жана кабырга жактарын сүзгүлөп салган.
Жабыр тарткан адамды дароо ооруканага жеткиришкен. Бирок аны куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлер маркумдун өпкөсүнө катуу доо кеткен деп билдиришкен.
Испанияда майрам учурунда адам буканын сүзгөнүнөн каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-2

Мага акча берседа катышмак эмесмин бул оюунга, жок дегенде токол бука менен ойношбойбу