super.kg logo

ТИМ: "Москвадагы "Персей" соода борборундагы өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок "

 

Орусиянын Москва шаарындагы "Персей для детей" соода борборундагы өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Персей для детей" соода борборунда 4-апрелде саат 13:00дөр чамасында өрт кырсыгы башталган.

"Москва шаарында соода борборундагы өрт кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Москва шаарындагы "Персей для детей" аттуу балдарга керектүү буюмдар сатылган соода борбордон өрт чыккан. Тилсиз жоодон соода борбордун 1 кызматкери каза болуп, 6 өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери жаракат алышканы кабарланган.

Ал эми Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон адам имараттын ичинен адашып, сыртка чыга албай калып каза болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.04.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каап тилсиз жоодон кудай озу сактасын талаалап журобуз. Тынч аман уйубузго кайтсак экен ой максаттарыбыз ишке ашып. Же ушунтип олбо жаним олбо деп журо берет бекенбиз омур ай
05.04.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Benazir08,ошону айтсан биз да Москвадабыз кун сайын бассам турсам баардык мигранттардын амандыгын тилеп журом аман эсен оз олколорубузго кайтып барайлы деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: