super.kg logo

"Транспорт инспекциясы маршруттук таксилерден жөнү жок акча алууну адатка айландырып алышты" дейт депутат

 

"Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Транспорт инспекциясын жоюп салуу керек", - деген пикирин бүгүн, 5-апрелде парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, аталган инспекция башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт экен. Мындан тышкары, инспекция тарабынан Бишкекте эл ташыган маршруттук таксилердин айдоочуларынын ишине тоскоолдуктар болуп жатканын белгиледи.

"Иш таштоого чыккан маршруттук таксилердин айдоочуларын да түшүнсө болот. Анткени Транспорт инспекциясы аларды кыйнап салды. Инспекциянын кызматкерлери алардан жөнү жок акча алууну адатка айландырып алышты. Ошондуктан аталган инспекцияны жоюуну сунуштайм", - деди Бекешев.

Андан сырткары, эл өкүлү ири концерттик залдарды куруу керектигин айтты. "Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясы менен Кыргыз улуттук драма театрынын абалы кейиштүү абалда. Жакында чет өлкөдөн коноктор келип Кыргыз улуттук драма театрынын абалы өтө начар экенин айтышты. Ошондуктан аларды заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы концерттик залдарды салуубуз керек", - деп депутат кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.04.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: