super.kg logo

Жалал-Абад шаарынан эми япон достугунун символун көрүүгө болот

 

Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" эс алуу багында жана Ленин борбордук көчөсүнүн четине япон сакурасынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башчысы Алынбек Оморкулов билдирди.

"Шаардын аймагындагы эл көп баруучу эс алуу бактарына жана борбордук көчөнүн четтерине 100 даана япон сакурасы отургузулду. Көчөттөр тендер аркылуу сатып алынды. Тендерди утуп алган жеке ишкана Өзбекстандан 1 көчөттү 180 сомдон сатып алып келди. Негизинен өсүмдүктүн бул түрү сууну көп талап кылат. Учурда отургузулган көчөттөрдүн 80 пайызын толук кандуу жетилишин камсыздоого аракет кылып жатабыз. Көчөттөр өнгөндөн 1 жылдан кийин гүлдөй баштайт", - деп билдирди жетекчи.

Ошондой эле Алынбек Оморкулов япон сакурасынын көчөттөрү Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу отургузулганын кошумчалады.

Айта кетсек, 2017-жылы япон-кыргыз дипломатиясынын 25 жылдыгына арналып Бишкек шаарында сакуранын көчөттөрү отургузулган. Ошондой эле япон багы Ысык-Көл облусуна да 2017-жылы отургузулган.

Сакура дарагы Япония өлкөсүнүн маданиятынын жана достугунун символу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
05.04.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун жанылык экен. Бирок каттуу козомолго алыш керек, жулуп уурдап кетишпесе эле болду.
05.04.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жышаан. Эми эртен аптапта суудан оксутуп кууратып албай жакшы карагыла...
05.04.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге алдай беришет биринчи жолу деп . Мен билишимче 3 -4 жыл мурун ЖТР би экен жээ 7 каналбы озунун короосуна олтургуздук деп мактанып жазышкан. Андан башка Базар-Коргондо да коп кочот олтургуздук дешкен . Олтургуза беришет , гулдоптур дегенин уга элекмин . Супер-инфо , эгер мумкунчулук болсо ошол маалда олтругузулган сакура дарактары кантип осуп атканын билип бере аласыздарбы .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: