Депутат маршруттук таксилердин иш таштоосун уюштургандарга катуу чара көрүүнү талап кылды
Депутат Ирина Карамушкина Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоого чыгышканын сынга алып, аны баштагандарга катуу чара көрүү талабын койду.
"Дүйшөмбү күнү элдин баары жумушка чыгат жана өз иштерин бүткөрүү аракетин көрөт. Эмне үчүн так жумуш күнү маршруттук таксилердин айдоочулары күтүүсүз иш таштоого чыгышты? Аны баштагандар азыркыга чейин жоопко тартыла элек. Ошондуктан уюштургандарды аныктап, алардын фирмаларынын лицензияларын алып салуу керек", - деди Карамушкина.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Ал эми жумушка чыккан башка маршрутка айдоочуларын опузалап коркуткандарга Окмот, ИИМ чара коруп, камаш керек 1 айга жана алар арасында маршруттук такси айдоочулары болгон болсо, мына ошолордун лицензиясын жокко чыгаруу керек...