super.kg logo

ӨКМ: "Таласта кафеден чыккан өрттөн 1 адам жаракат алды"

 

Талас облусунун Талас шаарында кечээ, 4-апрелде "Бермет" кафесинде өрт чыгып, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат 16:31лер чамасында чыгып, кафе толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 28 жаштагы А.Н. аттуу адам жарадар болуп, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежеси сакталбагандыгы себеп болгон.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө Таласта кафе өрттөнүп кеткенин кабарлаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: