super.kg logo

Депутат "аскерде жүрүп өз жанын кыйган жоокерлерге төлөп берилчү 1 миллион сом көп" дейт

 

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында аскер кызматында жүрүп өз жанын кыйган жоокерлерге 1 миллион 40 миң сом камсыздандыруу төлөп берүү демилгеси каралууда.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев камсыздандыруу суммасы 1 жылдык аскер мөөнөтүн өтөп жатып өз жанын кыйган аскерлерге гана төлөнүп берилерин айтты.

"Азыр иштеп жаткан мыйзамда аскерде жүрүп өз жанын кыйган жоокерлерге камсыздандыруу төлөнүп берилчү эмес. Акыйкатчы институтунун сунушу менен биз камсыздандыруу төлөп берүү үчүн мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Анын суммасы 1 миллион 40 миң сом. Бирок 1 жылдык аскерге келип каза болгондорго гана төлөнүп берилет", - деди Кедеев.

Депутат Рада Туманбаева көрсөтүлгөн сумманын көлөмү көп экенин билдирди. Нурсеит Кедеев бул сумма минималдык түрдө каралганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
05.04.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай коп эмес. Адамдын омуру акча менен бааланбаш керек. Анын ордуна аскердеги тартипти кучотуу керек.
05.04.2018. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kirgiz.....,өз жанын кыйса неге төлөп бериши керек?аны уккан жоокерлер ии өлсөм жакындарым акчалуу болот экен деп жандарын кыя беришпейби? Жанын кыйбагыдай кылып көзөмөл кылуу керек.видео байкоо орнотуу керек мекеменин ичине.
06.04.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ziash85,сага берсе ошол акчаны омурунду кыясынбы?

05.04.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Олтургондорго толотуш керек
05.04.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аскердин олумго чейинки абалына эмнеге кызыгышбайт, адамдын жаны акча менен олчонбойт. Уруп, согуп жатсанар ким эле аскерге баргысы келсин. Мекенди коргой турган эрлерди коргой албасанар креслодо эмнеге отурасынар? Көрөт элек ошол депутаттын озунун баласы ошентсе эмне кылаарын?
05.04.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Себебин тушундурбоптурбу??? Ушул депутаттардан уялчуу болдум чынын айтсам.
05.04.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагы 7-апрель болуптур. Ziash85 туура айтат акчадан кыйналган кээ бир үй-бүлөнүн балдары өз жанын кыйып баштайт ата-энем жакшы жашасын деп. Акчаны абакта жаткандарга эмес аскерде кызмат өтөгөндөргө көбүрөөк бөлгүлө. Мен кызмат өтөгөн убакта кусагыбыз тойчу эмес. Бир чыны гороховый суп берсе анын бир кашыгы горох калганы суу болчу. Дедовщина тамактын айынан көп болчу. А бизде абактагылар кылган кылмышы аз келгенсип жатып жесе да аларга акча көп бөлүнөт.
05.04.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюмча өз жанын кыйгандарга эмес, кокустук болуп каза болгон аскер үчүн миллион сом берсе жарашат. Ал эми аскердеги кыйынчылыкка чыдабай өз жанын кыйган жоокер кокус согуш чыгып кетсе(анын жүзүн кудайым өзү нары кылсын) ушул жоокерлер мекенин сатпай ишенимдүү болот деп ким айталат.
05.04.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичирип кочого алып чыгып ак уйдун огуна салып бергендерге миллион сом толонду, революционер аталышты. Тируусу да олук аталып миллион алды эл эсебинен... Эмнеге болбосун, бериш керек. Алар жыргаганынан кыйбайт да жанын, ошого жеткиришет кайдыгер жетекчилер! Депутат соройлор бир жылда 6миллион 500мин коротушат мамлекеттин акчасынан. Анан айланганы болбойт дейби?
05.04.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерлер өз жанын эмнеге кыйып жатышат? - деп суроо салган бир депутат барбы??? Эмнеге ошол проблеманын алдын алыштын ордуна өлсө өлө беришсин акча төлөсөк унчукпай калышат деп оңой жолун издеп жатасыңарбы??? Бир депутаттын баласы аскерде кызмат өтөдүбү? Же депутаттын баласы аскерде өз жанын кыйдыбы? Жок! Байкуш карапайым элдин эле шору! Силер эл өкүлдөрү жана чиновниктер, өлгөн аскерге компенсация төлөөнү ойлонбой, аскерлерди өз өмүрүнө кол салдырбоонун жолун ойлонушуңар керек!!!
05.04.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп болсо силер да жебегиле да бул коп акча жеьеш кк жок дегенде 4тон 1ин деш кк деп. Уят ээ корупционерлер
05.04.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эмне деген мыйзам болду эми? Аскерлерди жанын кыюууга ундөөбү? Аскерге келип өзүңөрдү атып же асынып өлсөңөр, жакындарыңарга 1милион 40 миң сом төлөп беребиз деп. Андан көрө өлүм эмнеден улам болуп атат ошол жагына көңүл бурушпайбы канткенде өзүн өзү өлтүрбөйт кантсек аскерде өлүм азаят деп ошого баш оорутушпайбы. Деңгээлине жараша сөз айтсаң капа болушат анан 20000 төлө дешет. Негизи Тынар туура айткан экен буларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: