super.kg logo

Өзүнүн ичин кесип жиберген Темирлан Ормуков ооруканадан чыгарылып, кайрадан тергөө абагына киргизилди. Ал ачкачылык жарыялады

 

Акын, көзү азиз Темирлан Ормуков ооруканадан чыгарылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, активист Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагына киргизилди.

"29-мартта Темирлан Ормуков тергөөчүнүн алдына соттун чечими менен таанышууга келген. Ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. "Тез жардам" кызматы чакырылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жүрөк оорусунан улам ал ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 5-апрелде чыгарылып, тергөө иштери бүткөнгө чейин 1 ай убактылуу кармоочу жайда кармалат", - дейт басма сөз кызматы.

Темирлан Ормуков мындай чечимге нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялады. Активист Адил Турдукулов бул маселеде мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтууда. "Убактылуу кармоочу жайда көзү азиз адамга ылайыкташкан шарт жок. Темирландын көзү такыр көрбөйт. Ал бирөөнүн коштоосунда жүрүүсү керек. Өзүн жалгыз, көзү азиз майыпка шарты жок жерге камап салганы бул кыйноого тете. Кооптуу кылмышкерди кармагандай ооруканадан кишен салып алып чыгып кетишти", - деди Турдукулов.

Эске салсак, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң текшерүүдөн кийин акындын айтканы жалган экени аныкталып, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга №1-тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.04.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуна кишен салып,экинчи жагынан колтуктап алганычы.Уят эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: