super.kg logo
  Саясат  

Бакчиев: "Бир бол" коалицияны таратуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок"

 

"Бир бол" фракциясы парламенттеги коалицияны таратуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фракция мүчөсү депутат Жаныбек Бакчиев билдирди.

"Коалициялык көпчүлүк тарайт деген кептер айтылып жатат. Бирок биздин фракция бул маселе боюнча жыйын өткөргөн жок жана бул багытта эч кандай аракеттерди жана өз ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес", - деди "Бир болчу".

Айта кетсек, учурда парламенттин коридорлорунда "жакынкы күндөрү Жогорку Кеӊештеги башкаруучу коалиция тарайт" деген сөздөр айтылууда. Маалыматтарга караганда коалицияны таратуучу ролду "Бир бол" фракциясы колго алмакчы. 2016-жылы өзгөртүлгөн Конституция боюнча фракциялардын коалициядан чыгуу тартиби татаалдашкан. Жаңы баш мыйзамга ылайык башкаруучу коалициядан чыгуу жөнүндө фракциянын чечимин фракциядагы депутаттардын үчтөн экиси колдошу керек. Фракциянын чечимин бекемдеген токтомго коалициядан чыгуу үчүн добуш берген ар бир депутат кол коюп берүүгө тийиш. Бул процедураны ишке ашыруу 38 мандаты бар КСДПга караганда 12 мандаттуу "Бир болго" кыйла жеӊил болот.

Азыркы коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары кирет. Ал эми оппозициялык блокто "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: