Бишкек шаарынын жолдорундагы аңдарга шаар активисттери аткаминерлердин сүрөттөрүн тартышат
29-июнда Бишкек шаарынын жолдорундагы аңдарга шаар
активисттери аткаминерлердин сүрөттөрүн тартышат. Бул тууралуу жарандык
активист Айбек Баратов бүгүн, 18-июнда бизге билдирди. Айтымында, бул идея
пайда болгонуна көп болгон. “Азырынча кайсы көчөлөргө жана кимдин сүрөттөрүн
тартарыбыз тууралуу ойлонуп жатабыз. Бул иш-чара шаар жетекчилерин аз да болсо
ойлондурат деп ойлойм. Бардык каалоочулар акцияга катышса болот”,- деди
Баратов.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

