super.kg logo
  Спорт  

Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу: Каныбек Сагынбаев алгачкы беттеште эле жеңилүү ызасын тартса, Дастан Лепшаков, Канатбек Сыдыков жана Ызатбек Ратбеков кийинки турга өттү

 

Бүгүн, 5-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы турдун оюндары орун алды.

Анда Кыргыз өлкөсүнөн барган 11 спортчунун арасында 6 бильярдчы кийинки турга өтсө, калганы жеңилүү ызасын тартып байгелүү орундар үчүн күрөштү токтотушту.

Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Сагынбаев алгачкы беттеште эле жеңилип калды. Ал казакстандык Ернар Чимбаев менен беттешип 4:6 эсебинде утулду.

Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык даражадагы спорт чебери Дастан Лепшаков 1-турдун алкагында германиялык Константин Ковалевский менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында 2015-жылдын Дүйнө чемпиону Лепшаков атаандашына мүмкүнчүлүк калтырбай 6:0 эсеби менен жеңишке жетти. 1/16 финалда Лепшаков казакстандык Гани Шардарбеков менен беттешет.

Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык даражадагы спорт чебери Канатбек Сыдыков болгариялык Виктор Климов менен кез келди. Беттеш 6:0 эсебинде Сыдыковдун жеңиши менен аяктады. Эми ал 1/16 финалдын алкагында казакстандык Алибек Оморов менен азербайжандык Тофиг Гулиевдин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен беттешмекчи.

Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык даражадагы спорт чебери Ызатбек Ратбеков өзбекстандык Зухриддин Хашимов менен беттешти. Ратбеков 6 партияда жеңишке жетип, 2 партияда жеңишке жеткен атаандашын утуп алды. Эми Ратбеков 1/16 финалдын алкагында түркмөнстандык Сулейман Иламанов менен казакстандык Хамид Сейдазымдин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен беттешмекчи.

Ошондой эле 1/16 финалга Даниел Ажибек уулу, Алмаз Сейдибакасов жана Арсен Каленбаев өтсө, Мирлан Абдыкаров, Кайрат Абсатаров жеңилүү ызасын тартышты. Ал эми Диана Абыкеева эртең, 6-апрелде күчүн сынамакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
05.04.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли жми калганына ийгилик чемпион болуп кеткиле. Мекендин желегин желбиреткиле. Каныбек акыркы учурда слабыйлап кетинго. Эми шар тоголок бирок
05.04.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйно чемпиондугунда, туркмон азер казактан башка улут жокпу?
05.04.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лепшак азамат! Финалда жалан кыргыздар кез келишет окшойт)
06.04.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да ушу силердин коменттинер кызык да))))))) ал барса алга реал бииин олуп бирин кал)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: