Аида Салянова жана Улуу Британиянын прокуратурасынын өкүлдөрү Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу маселени талкуулашкан жок
Бүгүн, 18-июнда башкы прокурор Аида Салянова Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фариворт жана прокурордук кызматынын өкүлдөрү Дункан Маос, Терри Палфилер менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу талкуу болгон жок. Бирок Улуу Британиянын өкүлдөрү Кыргызстандагы кесиптеши Аида Саляновага экстрадиция тууралуу талаптарды түзүүнү үйрөтүшөт. "Улуу Британиянын сот системи Кыргызстандын сот системи менен окшош эмес. Буга байланыштуу бизге экстрадиция тууралуу талаптарды түзүү жана кайда кайрылууну билүү керек", -деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

