super.kg logo

Жанар Акаев: "Кыргыз темир жолу" боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү каражаттар бюджетке түшмөйүнчө күрөшүүнү токтотпойм"

 

Депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупцияга шек жараткан маалыматтарын УКМКга өткөрүп берип, иликтөө жүрүп жатканын 6-апрелде SUPER.KG'ге айтып берди. Андан сырткары, аталган ишкананын жетекчилиги тарабынан бюджетке 45 миллион сом чыгым болгону боюнча жаңы материалдар колуна тийгенин кошумчалады.

"Аталган ишканадагы коррупцияга шек жараткан буга чейинки үч эле фактыны айтып өтөйүн. Биринчиден, ишкана 150 вагон сатып алуу үчүн Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 8 миллион 380 миң доллар насыя алган. Ал вагондорду казакстандык фирмалардын бири аркылуу алуу боюнча макулдашуу болгон. Фирма макулдашууга ылайык, 150 вагонду 2018-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирип бермек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 40тай гана вагон келген. Алар да тендердин талабына жооп бербейт. Бул үчүн Кыргыз транспорт прокуратурасы 5-мартта вагондорду алып келе турган казак фирмасына айып салды. Иш өз убагында аткарылса бюджетке бир канча акча түшмөк. Экинчиден, ишкана жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Өзбекстандын 137 миллион сом карызын кечип салды. Үчүнчүдөн, Ногойбаев өзүнүн Асел Ногойбаева деген кызына таандык фирмага ишканага тиешелүү жерге мейманкана куруп берип салган. Эсептөө палатасынын аудиторлору муну мыйзамсыз деп тапкан. Топтолгон материалдардын баарын УКМКнын тийиштүү бөлүмүнө өткөрүп бердим. Азыр иликтеп жатышат.

Мага кечээ, 5-апрелде 45 миллион сом чыгым болгону боюнча документтер келди. Аны да УКМКга өткөрүп берем. Качан гана кылмыш иши ачылып, тиешелүү каражаттар бюджетке түшмөйүнчө күрөшүүнү токтотпойм", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
06.04.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыныгы эрк чыныгы дух элге куйгон адам... 120 адамдан артык
06.04.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Акаев, колундан келип турганда элине жардам берууну токтотпо, канчалаган депутат соройлор отурушат оозун талканга толтуруп алып, убакыт отсо эсеп, бизнесин коргоп
06.04.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уялчаак киши ушуну коруп уялса болот,ушуга окшогон иштерге башы жетпей,кайдагы детский нерсеге уялып,проблема кылып которуп чыкпай!
06.04.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ап бали азаматсын жанра акаев
06.04.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо, биз дагы карызды кече турган мезгил келиптир да. Демек өнүгүүдөбүз. Антпесе Орусия мынча карызыбызды кечти деген маалыматтарды окуй берип уялып да калдым эле. Көрсө биз дагы карызды кечип коё алат экенбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: