super.kg logo

Кытайда өлгөндөн кийин сөөгүн өрттөп, күлүн деңизге чачууга уруксат берген карыларга акча төлөнөт

 

Кытайдын ​Вэньлин шаарында "мен өлгөндөн кийин сөөгүмдү өрттөп, күлүн деңизге чачууга уруксат берем" деген карыларга акча төлөө долбоору ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кытайдагы жерге берилген сөөктөрдүн көптүгү жаратылышка зыян келтирип жатат. Муну алдын алуу максатында көзү тирүү кезинде карылар менен келишим түзүлүп, ага акча төлөп берүү долбоору ишке киргизилген. Келишимге кол койгон карылардын сөөгү өрттөлүп, күлү деңизге чачылат.

Карылардын макулдугун алуу үчүн атайын акчалай сыйлыктар уюштурулган. Макулдугун берген 70 жаштан жогору курактагы карыларга ай сайын (каза болгонго чейин) акча төлөнөт. Шаар тургунунун жаш курагы улуу болсо, акчалай сыйлык көп берилет. Мисалы, 80 жаштан 90 жашка чейинкилерге 1 айга 32 долларга чейин төлөнсө, 90 жаштан 100 жашка чыккандарга 48 долларга чейин берилери келишимде көрсөтүлгөн. Эң көп жашаган, тактап айтканда, 100 жаштан ашкандар үчүн 64 долларга чейин акча төлөнүп берилерин кытай басылмалары жазып чыгышты.

Аталган долбоорго катышууну каалаган жергиликтүү Дай Юйинь аттуу тургун өз оюн билдирген. "Мен балыкчымын. Деңиз - бул менин экинчи үйүм. Өлгөндөн кийин экинчи үйүмө барууну каалайм", - дейт ал.

Сөөктү жерге берүү жаратылышка зыян келтирип жатканын алдын алуу үчүн аталган шаардан тышкары ар кайсы региондордо мындай долбоордун башка түрлөрү ишке киргизилген. Мисалы, сөөктү мештерге салып өрттөө, абага көмүү (өлүктү даракка асып коюу).

Негизинен Кытайда өлүктү көмүү салты боюнча сөөк жыгач табытка салынып, мурда көмүлгөн туугандарынын жанына коюлуусу керек. Бирок шаар бийлиги "өлүктү көмүүнүн мындай жолу көп жыгачты жана жер тилкесин талап кылат" деп билдирген.

БУУнун калкты эсептөө департаментинин берген маалыматына ылайык, 2018-жылга карата Кытайда 1 миллиард 415 миллион калк жашайт. Ал эми өлүм статистикасы боюнча 2010-жылдан 2015-жылга чейин 48 миллион жаран өлгөн деген көрсөткүч чыккан. Орто эсеп менен алганда Кытайда бир жылда тогуз жарым миллион жаран өлдү дегенди түшүндүрөт.

Ал эми демографиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2015-2020-жылдары Кытайда 53 миллионго жакын адам өлөрү болжолдонууда. Тактап айтканда, бир жылда 11 миллионго жакын адам өлөт.

Адистердин айтымында, Кытайдагы узак өмүр сүрүү медициналык кызматтын жакшыруусу жана "Бир үй-бүлө - бир бала" саясаты себеп болууда дешет. Бирок бул долбоор 2016-жылы өз ишин токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
06.04.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
тан горуу бу кытай дегенинер олуктуда жон койбойт тура!
06.04.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу кантип болсун эми.
06.04.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айла жок. Комгонго жери жок денизге ыргытуунун амалы.
06.04.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орттоп убара болбой эле, олукту денизге атып жиберсинда, дениз жандыктары жеп коёт.
06.04.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынча эле көп болбосо бу кытайлар.Күлүн чачса сууга да зыяны тиет го акыры.
06.04.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ыйман болгондо мындай кылмак эмес
06.04.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суу жаратылышка кирбейт бекен? Денизди булгап, жаныбарларын кырып туготот го
06.04.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дүйнөдө калк саны, турак жай көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. А бош жерлер азайып бара жатат. Акыры бир кун бизде да көмгөнү жер табылбай калат. Дүйнөдө чоң согуштар, алааматтар ошон үчүн болуп турат. Эгерде экинчи дуйнолук согуш болбогондо, Чынгызхан миллиондогон адамдарды кырып шаарларды ойрон кылбаганда, азыр мындан да тыгын жашоо болмок. Кудай согуш апаат мн дуйнону жонго салды.
06.04.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Денеси жердин астында курт жеп жаткандан коро орттоп денизге ыргыткан туура. Илгери Эне-Сайда жашаган кыргыздар да Барсбек Кагандын убагында ошентишкен
06.04.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Targarien, туура бир жагынан. Бизде даже телосунда кыйналып чиришине ыраазы мазохистер. Илимий жактан да деле диний жактан деле жакшы эмеспи. Кыйналып жерге кысылгыча ачык денизге чачылып кеткен оной.
07.04.2018. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Targarien,эмне силер капырсынарбы АстафирАлла
06.04.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайың деген кыйын калк келет экен...
09.04.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Шумдук!!! Шариатта жана Ислам дин аалымдарынын оюнда кандай экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: