Депутат Сулейманов: "Тоок уурдагандар, жөнөкөй жарандар камалып, чоң кылмыш кылгандарга чара көрүлбөй жатат"
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Бахадыр Сулейманов Башкы прокуратура тарабынан 2016-жылы 8 миң, 2017-жылы 9 миң текшерүү болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"9 миң текшерүү болгону менен, анын 7 пайызына гана кылмыш иши козголду. Ошол эле учурда көпчүлүк иштер кыскартылып кетүүдө. Тоок уурдагандар камалып, оор кылмыш кылган же мамлекетке зыян алып келгендер сыртта жүрөт", - деди депутат.
Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков ар бир текшерүү боюнча кылмыш иши козголбой турганын эскертти. "Биз текшерип чыгып зыян келтирилген болсо, кылмыш ишин козгойбуз. Зыян болбосо кылмыш ишин ача албайбыз", - деп Казаков депутатка жооп кайтарды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Jelezo

06.04.2018. 14:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атамбаевге бир орус бир миллион доллар берген экен өндүрүп бере алышат бекен билип берчи дейт админ билип бере алаласыздарбы күбөлөрүм бар дейт
kirgiz.....

06.04.2018. 14:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муну баары эле билет. Баягы эле таанышы же акчасы жокторго кылмыш иши ачылат, анан камалат. Акчалуулар милициясын, прокурорун, сотун да сатып алышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.