Каныбек Иманалиев: "Тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө гана сөз үчүн кылмыш иши козголот"



"Тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө гана сөз үчүн кылмыш иши козголот", - деп бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
Депутат акын Темирлан Ормуковдун убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин сынга алды.
"Көзү азиз акынды камакта кармап жатасыңар. Ал айткан сөзү үчүн кармалып жатат. Чыдабай ичин кесип салды. Прокурорлор, силер мусулмансыңарбы? Ошол баланы кантип кармап отурасыңар? Журналисттерге карата 3 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин айып салыныптыр. Биздеги журналисттер орточо 20 миң сом айлык алат. 30 миллион айып салынган адам аны төлөө үчүн 160 жыл жашашы керек экен", - деди Иманалиев.
Учурда аталган фракция Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун угуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
kalpak.kg92

06.04.2018. 11:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекче
rysik79

06.04.2018. 11:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Отчетун кайра папкесине салып жиберип жибергиле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.